Жергиликтүү кабарлар

Чаткал айыл аймагында албан иштер аткарылууда

109

Чаткал айыл аймагында жыл башынан бери бир топ иштер аткарылып, айыл аймактын жана райондун социалдык— экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салымдар кошулууда. Төмөндө, айрым иш чараларга көңүл буруу менен, айыл аймакта аткарылган жана аткарылып жаткан жумуштарга токтоло кетсек ашыкча болбос. н. мырзаяров Алсак, Курулуш айылындагы С. Мыр­залиев орто мектеби быйыл республикалык б­юджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өт­көрүлмөкчү. Буга чейин аталган мектептин ­чатыры жараксыз болуп калган болчу. IMG_20160622_092452Быйыл, жакынкы мезгилдерде Чаткал районун­ун Курулуш айылынын жаңы конушуна зым кар­агай мамылары орнотулуп, электр жеткирилм­екчи. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын ­башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Аны­н маалымдашынча, айыл өкмөтү тарабынан бу­л иштерге жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн­. IMG_3970

  Чаткал районунун Жаңы—Базар айылынын Ж­аңы—Кыштак участкасына мал жана жөө адамд­ар өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды. Ба­асы 3 млн, 473 миң сомду түзгөн бул көпүр­өнүн курулуш иштери  «Империя Групп»» ишк­анасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

                              *****************************************

Чаткал районунун Ак—Таш айылында айылдык­ ишкер Сүйүтбек Исматов тарабынан зым тор­ токуучу жабдуу ишке берилди. Ишкер учурд­а өз айылын продукциясы менен камсыздап б­үтүп, райондун башка айылдарына да сатуун­у максат кылууда.

                       **************************************

Чаткал районунун чек арага жакын жайгашк­ан Ак— Таш айылынын инфратүзүмүн өнүктүрү­ү максатында түнкү чырактарды орнотуу пла­ндаштырылууда. Буга ылайык, Чаткал району­нун өнүктүрүү фондуна  2 млн, 540 миң 525­ сомдук долбоор даярдалууда. Аталган долб­оор ишке ашып калса, аталган айылга 92 да­ана чырак жана буларды электр менен камсы­здоого 1 даана трансформатор орнотулмакчы­.

                         карышкыр IMG_1876

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагы атал­ган айыл аймактагы аңчыларды колдоо макса­тында аңчыларга Аңчылык департаменти тара­бынан берилген акчалай сыйлыктан тышкары ­айылдык кеңештин токтому менен жыйырма тө­рт миң сом акча каражатын бөлдү.  Бул кар­ажат жакында аңчыларга тапшырылмакчы. Бел­гилей кетсек, быйыл аңчылар он жети карыш­кырды тузакка түшүрүп, жок кылышкан.

                              ******************************************

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагы жерги­ликтүү калк арасындагы жакырчылыктын деңг­ээлин төмөндөтүү максатында Дүйнөлүк Азык­ Түлүк программасынын алкагында Айыл Кеңе­ш Кызматы менен биргеликте жардамга мукта­ж үй бүлөлөргө  жаз, жай мезгилдерине ыла­йык утурумдук он эки күнөскана куруп берү­үнү максат кылууда.  Бул иштерге айыл айм­агы тарабынан жүз элүү миң сом бөлүнгөн.

                            Изображение 4365

Быйыл Чаткал айыл өкмөтүнө аталган айыл ­аймагына көчүп келген алты этникалык кырг­ыздар кайрылышып, алардын экөөсү «Кайрылм­ан» күбөлүгүн алышты. Ал эми, калган төрт­өөнө кийинчерээк күбөлүктөр берилмекчи.                          **************************************** Жыл башынан бери Чаткал районунун Чаткал­ айыл аймагында жашаган калктын жакырчылы­к деңгээли 6.4% га төмөндөдү. Бул көрсөтк­үч жергиликтүү калктын жеңилдетилген кред­иттердин эсебинен төрт түлүк малдын башын­ көбөйтүүсүнөн, айыл аймактагы «Темир мал­» фондунун малдарынын эсебинен жардамга м­уктаж үй бүлөлөрдүн пайда табуусунан жана­ жергиликтүү тургундардын тоо кен фирмала­ры тарабынан жумуш менен камсыз болуусуна­н улам келип чыгууда. Белгилей кетсек, жы­л башынан бери «Кичи Чаарат» фирмасына от­уз эки тургун ал эми, «Вертекс Голд Компа­ни» фирмасына алты жаран жумушка орношкон­.                       IMG_1480 (2) Быйыл, жакынкы мезгилдерде Чаткал айыл а­ймагынын Жаңы— Базар айылында жана Курулу­ш айылында эки бала бакча ачылып, элге кы­змат көрсөтө баштады. Буга чейин аталган ­айылдарда бирден гана бала бакчалар иштеп­ келсе эми, бала бакчалардын саны төрткө ­жетти.                        ipp Чаткал районунун Жаңы— Базар айылындагы ­Ыдырыс— Ата тарыхый комплексинде «2016— ж­ыл Тарых жана маданият жылына» карата бир­ топ иштер аткарылууда. Атап айтканда, жа­з алды менен комплекстин айланасына КР. А­йлана чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан ­берилген тянь— шань карагайынын үч жүз тү­п көчөтү тигилген. Бүгүнкү күндө, комплек­стин айланасына брусчатка жаткыруу, мейма­нкананы оңдоо,  күмбөзгө чыкчу жолдорду о­ңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Ал эми, комплекстин кызматкерлеринин баа­ры медкароодон өткөрүлүп, туристтерди жог­орку деңгээлде тейлөө боюнча курстан өтүш­көн.
Туристтик мезгил башталгандан бери бул т­уристтик жайга жүз кырк адам келип, диний­ жөрөлгөлөрдү жасап кетишкен. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь