Урматтуу районубуздун тургундары 2016-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин район аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 140678 сомду түздү. Көпчүлүк өрт кырсыктары турак үйлөрдөн чыгууда. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, балдардын от менен ойноосунан күтүлбөгөн өрт кырсыгы болуп, үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдар да каза болот. Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруу максатыбыз, сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу. Төмөнкү эрежелерди сактай билүүңүз керек: балдарды кароосуз калтырбаңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпаңыз жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз, электр шаймандарын түнкү маалда же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербеңиз. Урматтуу районубуздун тургундары, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрт чыгуусуна өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс бололу. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз. Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер. Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жанан мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт.. Д. Тайиралиев, Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, улук лейтенант ]]>