Коом

Орозо тууралуу учкай кеп

172

100_3679 Ассалааму алайкум урматтуу Мусулман бир туугандар! Мээримдүү жана Ырайымдуу Алла Тааланын аты менен баштаймын.   Орозо дегенде акылыбызга Рамазан айы келет эмеспи. Анда алгач Рамазан айы тууралуу андан соң орозо тууралуу сөз кылалы. Рамазан айы он эки айд  ын эң ыйыгы. Аллах Таала Куранда  Рамазан айы тууралуу мындай деген: «Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол көрсөтүүчү (хидаят) жана фуркандан турган анык далилдер катары Куран түшүрүлдү. Силерден ким (жаңы) айды көрсө – орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен орозо кармап берет. Алла Таала силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. Санакты калтырбай тутууңар жана силерди туура жолго салганы үчүн Алла Таалага шүгүр кылып, даңазалашыңар үчүн (силерге орозо кармоо парз кылынды)». Алла Тааланын сөзү менен ыйык Куранда аты аталгандыгынын өзү эле Рамазан айынын өзгөчө жана кадыр-баркы жогору экендигин билдирип турат. Рамазан айы башка айлардан жогору экендиги да бул айда миң айдан да артык болгон кадыр түнү бар. Орозо – бул мусулмандардын ниет кылып, таңкы жууктан тартып күн батканга чейин жеп ичүүдөн, жыныстык катнаштан алыс болуу. Бирок орозо мындан да тереңирээк маани-маңызды камтыйт. Орозо кармоонун Алла Тааланын буйругуна моюн сунуу менен бирге бул дүйнөлүк жана тигил дүйнөлүк, ошондой эле жеке адамдын өзүнө жана коомго тийгизген көптөгөн пайдалары бар деп айтсак жаңылышпайбыз. Куранда орозо тууралуу мындай буйрук кылынат. «Эй мамундар силерден мурунку өткөндөргө парз кылынганы сыяктуу эле, силерге да такыбаа болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды» Рамазан айында орозо кармоо Пайгамбарыбыз (ﷺ) Меккеден Мадинага журт которуп келгенден кийин эки жылдан соң парз кылынган. Орозо кармаган адамдын сообу тууралуу сүйүктүү Пайгамбарыбыз кудсий хадисте мындайча баяндаган: «Улуу Алла Таала: Орозодон тышкаркы ибадаттардын баардыгы тең адамдын өзү үчүн кылынат. Орозо кармаган адам ичип жешин жана жыныстык катнашын Менин ыраазылыгым үчүн токтотот. Орозо – түздөн түз Менин ыраазылыгым үчүн кылынган ибадат. Ибадат кылган адамга сооптор эселенип берилет. Бир жакшылыкка он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйөт. Бирок орозо башкача. Ал мен үчүн  жана анын сообун Өзүм берем.» Салман ал-Фарисийден (радыяллааху анху) келген бир риваятта минтип айтылган: «Шаабан айынын акыркы күнү Пайгамбарыбыз (ﷺ) бизге кайрылып айткан хутбасында минтип айтты: – Оо, адамдар! Силер улуу жана берекелүү айдын босогосунда турасыңар. Бул айда бир түн бар. Анын даражасы миң айдан да жакшыраак. Алла Таала бул айда орозо кармоону парз кылды. Ал эми кечинде (таравих) намаз окууну нафил кылды. Бул айда ким бир жакшылык кылса, башка айда парз амалын аткаргандай (соопко ээ) болот. Ал эми ким бул айда парз амалын аткарса, ал башка айларда жетимиш парзды аткаргандай (соопко ээ) болот. Бул ай – сабырдуулуктун айы. Ал эми сабырдуулуктун сыйлыгы – бул бейиш. Бул ай – жакшылыктын айы. Бул айда мусулмандын ырыскысы көбөйөт. Бул айда ким (кечинде) орозо кармаган адамдын оозун ачтырса (тамак берсе), анын күнөөсү кечирилип, тозоктон кутулат жана орозо кармаган кишиге берилгендей соопко ээ болот. Бирок, андан орозо кармаган адамдын сообу кемибейт. Ошондо биз: – Оо, Алла Тааланын Элчиси! Орозо кармаган адамдын оозун ачтыруу баарыбыздын эле колубуздан келе бербейт, –деп сурап калдык. Пайгамбарыбыз (ﷺ) биздин сурообузга жооп катары минтип айтты: – Ким орозо кармаган адамды бир уурттам суу же сүт, же болбосо бир курма менен оозун ачырса, Алла Таала ага ошол адамды тамакка тойгузгандай сооп берет. Ал эми ким бир адамды (тамакка) тойгузса, Алла Таала ага андан ары ал бейишке киргенге дейре чаңкабай тургандай кылып менин «Хавз» булагымдан ичирет. Бул ай: башы – ырайымдуулук, ортосу – кечирим, аягы – тозоктон азат кылуу болгон ай. Ким кол алдындагы (иштеген) адамдардын (ишин, милдеттерин) жеңилдетсе, Алла Таала ал адамдын күнөөсүн кечирип, тозоктон кутултат. Рамазан айын кантип тособуз? Рамазан айы – жүрөгүндө ыйманы бар адамдар үчүн майрам жана жан дүйнөнү дарылоочу, ички руханий илдеттерден арылуучу алтын убакыт. Рамазан айы – биздин үйүбүзгө келип, бир ай түнөп кетүүчү конок. Рамазан айы – биздин бир жылдык жасаган күнөөлөрүбүздү жууп кетирүүчү жана акыретибизге мол азык камдап алуучу зор мүмкүнчүлүк. Демек, бул айды күтүп алуу, сыйлуу конокту күтүп алгандай өтө маанилүү. Кутман сахабалар Рамазан айы киргенде кубангандыктан көз жашын төгүп ыйлашчу. Ал эми Рамазан айы чыгып кеткенде кайгыргандыктан көз жаш төгүшчү. Алар дайыма: «Оо, Алла Таалам! Бизди Рамазан айына жеткиргин!» – деп дуба кылышчу эле. Алар Рамазанга жетсе күнөөдөн тазаланаарына, соопту көбөйтөөрүнө толук ишенишчү. Алар Рамазандын алдынан аны утурлап нафил орозолорду кармашса, Рамазандан кийин аны менен коштошуп кайра эле нафил орозо кармашчу. Урматтуу мусулман бир тууганым! Эми Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн биз кандай амалдарды аткаруубуз керек экендигине токтоло кетейин: 1. «Буюрса, Рамазанда орозо кармаймын!» – деп, бекем ниет кылуу. 2. Орозо тууралуу китептерди окуп, орозо тууралуу айтылган баяндарга көбүрөөк кулак салуу керек. Анткени, орозонун пайдаларын уккан сайын ага кызыгуу пайда болот жана өзү кызыккан ишти аткаруу ал адамга жеңил болуп калат. 3. Ар бир адам буга чейин жасаган күнөөлөрүн баштан-аяк бир эстеп, өзүнө-өзү эсеп-кысап берүүсү керек. 4. Акыретти, Алла Тааланын алдында эч кандай сообу жок турган сурак күнүн көбүрөөк эстөө керек. 5. Алла Тааланы көп-көп эстөө, зикр кылуу. Айрыкча эртең мененки жана кечиндеги зикрде айтыла турган келмелерди көп айтуу керек. Себеби, зикр чалуу адамды шайтандын азгырыгынан сактайт. Анткени, көптөгөн адамдар шайтандын азгырыгына алданып, орозо кармабай калышат. 6. Рамазандан алдыңкы Шаабан айынын жарымына чейин нафил орозолорду кармап, напсини көндүрүү керек. 7. «Рамазан айынын орозосун кармоону насип кылгын!» – деп, Алла Таалага көп дуба кылуу керек..   Рамазан айында кандай амалдарды жасоо керек? Рамазан айы мусулман адам үчүн табылгыс эң зор мүмкүнчүлүк. Бул айда жасалган жөнөкөй амал башка айда жасалган парз амалы сыяктуу соопко ээ болот. Ал эми бул айда жасалган бир парз амалы башка айдагы жетимиш парз амалын аткаргандай соопко эгедер кылат. Ошондуктан бул айга жетүүнү Алла Таала насип кылса, анда төмөнкү амалдарды аткарууга шашылалы: 1. Таравих жана башка нафил намаздарды окуу. 2. Курани Каримди окууга жана катмы кылуу. 3. Тообо кылуу жана жасаган күнөөлөрү үчүн Алла Тааладан кечирим тилөө. 4. Көбүрөөк дуба кылуу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ﷺ): «Үч дуба эч кайтарылбайт (сөзсүз түрдө кабыл болот): 1. Атанын (перзентине кылган) дубасы, 2. Орозо кармаган адамдын (ооз ачаар маалдагы кылган) дубасы жана 3. Сапардагы адамдын дубасы», – деп айткан. Демек, «орозо кармаган адамдын ооз ачаар учурда кылган дубасы сөзсүз кабыл болот», – деп айтсак да болот. Андыктан, отуз күндү текке кетирбей, эмне тилегибиз болсо, аны Алла Тааладан сурап калуубуз керек. 5. Кайрымдуулук кылуу, кайыр-садака берүү, жоомарт болуу. «Алла Тааланын Элчиси (ﷺ) адамдардын эң жоомарты болчу. Рамазан айы киргенде андан да жоомарт, өтө колу ачык болчу». 6. Орозо кармаган адамдардын оозун ачыруу. 7. Башка мезгилде таштай албаган жаман адаттарды таштоо.   Бул айда эмнелерден тыйылышыбыз керек? Рамазан айында Алла Таала бизди башка учурда адал болгон айрым иштерден, т.а., жеп-ичүүдөн жана жыныстык катнашка баруудан тыят. Башка убакта адал болгон иштерден тыйылган соң, башка учурда арам болгон иштерден тыйылуу опоңой болуп калаары белгилүү. Рамазан айы сооптуу ай болгон менен аны туура пайдалана албаган адамдар кайра күнөөкөр болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан орозо кармаган адам төмөнкү иштерден сактануусу зарыл: 1. Көп сүйлөөдөн. 2. Көп уктоодон. 3. Урушуп талашуудан. 4. Ысырапкорчулуктан тыйылышыбыз керек   Рамазан айынын артыкчылыктары: 1. Орозо кармоочуга далил, калкан болот. 2. Орозо тутуучунун күнөөлөрү кечирилет. 3. Орозо кармоочунун сообу чексиз болот. 4. Орозо – бейишке кирүүгө себеп болот. 5. Орозо кармоочу адам тозоктон алыс болот.   Бул ай – сабыр айы. Сабырдын акыбети бейиш. Бул ай соопчулук, жардамдашуу жана теңдик айы. Бул ай – момун мусулмандардын ырыскысы ашып ташыган ай. Бул ай – башталышы ырайымдуулук, ортосу мээримдүүлүк, акыры тозоктон кутулуу болгон ай.     Анда эмесе келиңиздер ыйык Рамазан айында баарыбыз чогу орозо кармайлы. Кудай Таалам ошол ыйык Рамазан айына жетишке баарыбызды насип кылсын. Ар бирибиздин үйбүлөбүзгө тынчылык амандык ынтымак бактылуулук ыроолосун.   Сиздерди терең урматтоо менен Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубанычбек ажы.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь