Бүгүн, май айынын жыйырма алтысында КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун материалдык-техникалык абалы менен жакындан таанышуу максатында жумуш сапары менен Чаткал районуна келди.
КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жумуш сапарынын жүрүшүндө Чаткал райондук сотунун ички иштөө шарттары жана имаратынын абалы менен таанышты.
Мында,тактай кетчү нерсе, район борбору Каныш-Кыя айылында жайгашкан райондук сот бир нече мезгилден бери өз алдынча ылайыктуу шарты бар имаратка ээ болбой, «Чебурашка» балдар бакчасы менен бир имаратта жайгашып иш жүргүзүп келүүдө. Быйыл бул маселе чечилүүнүн алдында, тактап айтканда, райондук сотко өзүнчө имарат салууга райондук мамлекеттик администрация жер тилкесин бөлүп берген.
КР. Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева райондук сотко салынчу имараттын долбоору жана ага бөлүнгөн жер тилкеси менен атайы барып, таанышты.
М. Эшназаров
—