Долбоорлор

Райондук ден-соолук комитетинин мүчөлөрү кошумча маалыматтарды алышты

80

IMG_20160520_110008 IMG_20160520_110014 IMG_20160520_105947Жолугушууда, РДК башчысы Уланбек Алчынбек уулу АДКлардын буга чейинки аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Ал эми, Айгүл Илиясова башка райондордогу АДКларды мисал келтирип, РДКны жигердүү иштөөгө чакырды.IMG_20160520_110409IMG_20160520_110432 1463721991731 Андан соң, КАДКнын өнөктөшү СПРИНГ долбоорунун адиси Эрнис Бапышев туура тамактануу, балдар үчүн пайдалуу азыктарды пайдалана билүү, аз кандуулуктун кантип алдын алуу сыяктуу пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. Айгүл Илиясова СПРИНГ долбоорунун АДКлардын ишине кошуп жаткан салымы жана КАДКнын айыл чарба багытындагы  «Агрогоризонт» сыяктуу башка өнөктөш долбоорлору, алар тарабынан берилген жардамдар тууралуу айтты. 1463723517093 1463723677945Ала-Бука РДКнын төрагасы, РДКлардын облустук коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Андаш Токторбаев РДКлардын ички иштөө тартиби тууралуу кеңештерди берди. Айгүл Илиясова ар бир АДКнын каражат жагын камсыздоо үчүн  фонду болууга тийиш экендигин белгилеп, мисал катары фондунда бир топ акча каражаты бар Терек-Сай АДКсын мисал катары келтирип, АДК мүчөлөрү өздөрү белгилеген өлчөмдө мүчөлүк акы төлөө аркылуу фонд уюштуруу керектигин айтты. Жолугушуунун соңунда, РДК тарабынан АДКларды өнүктүрүү үчүн айыл тургундарынан демилге, идеяларды алып чыгуу боюнча июль айында Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылында АДКлардын жолугушуусун өткөрүү максаты коюлуп, катышуучулар КАДК ассоциациясынын башчысы Айгүл Илиясовго ыраазылыктарын билдиришти. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь