Жергиликтүү кабарлар

Ыйгарым укуктуу өкүл Чаткалга келди

72

IMG_20160518_125251 IMG_20160518_125855 IMG_20160518_125406 IMG_20160518_160228 IMG_20160518_160521 IMG_20160519_101808 IMG_20160519_101736 Ыйгарым укуктуу өкүл айыл калкы менен жолугушууда аталган айылга курулуп жаткан мектепке республикадан бөлүнүп жаткан каражат жетип калса, быйыл ишке кириши мүмкүн экендигин себеби, өлкөдө акыркы мезгилдерде болуп жаткан ар кандай табигый кырсыктарга каражаттар жумшалып кетип жаткандыгын айтты жана акыркы жылдары райондун үч айылында-Коргон-Сай, Айгыр-Жал жана Ак-Таш айылдарында үч жаңы мектеп курулуп жаткандыгы чоң жетишкендик экенин кошумчалады. Буга кошо эле, райондо он чакырымга жакын унаа жолу асфальтталып, көпүрөлөр курулуп жаткандыгын белгиледи. Ал Ак-Таш айылы да чегарага жакын аймактарынын катарына кирээрин, ага ылайык келечекте социалдык жактан колдоолор болоорун айтты. Жумагүл Эгембердиева мындан сырткары, республикада акыркы жылдары ишке ашырылып келаткан социалдык-экономикалык албан иштерден да бир топ мисалдарды келтирип, элди ынтымакка, ар кандай кырдаалдарды сүйлөшүүлөр менен гана бүткөрүүгө чакырды. Ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу андан ары Кара-Суу айылына курулуп жаткан мектепке жана айгыр-жалдык дыйкан Нуржамал Наргозиеванын күнөсканасына барып, андагы иштер менен таанышты. Андан соң, Чаткал-Ала-Бука унаа жолунун Айгыр-Жал айылынан чыга беришине курулуп, жаңыдан ишке берилген көпүрөнү көрүштү. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш сапары эртеси да улантылып, райондук мамлекеттик администрациясында район тургундары жана райондук актив менен жолугушту. Жолугушууда алгач, Ж. Эгембердиева буга чейин район тургундарынан коюлган суроо-талаптардын аткарылышы боюнча маалымат берди. Буга кошо эле, айыл чарба тармагында базар экономикасы талап кылган айыл чарба өсүмдүктөргө басым жасалып, башка райондор сыяктуу эле Чаткал районунда да күнөсканалар иштетилип башталгандыгын, бүгүнкү күнгө карата облус боюнча төрт жүз сексенден ашуун күнөскана бар экенин, күнөсканаларды тамчылатып суугаруу ишке ашырылып жаткандыгын, мал чарбасы да өнүгүп, калк азыркы кезде колундагы малды асылдандырууга көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда башка райондорго салыштырмалуу малдын саны көбөйгөнүн айтып, мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жана даярдалган азыктарды райондогу тоо кен ишканаларына сатуу боюнча келишимге жетүүнү колго алуу керектигин айтты. Ал буга кошо эле, Чаткал районунда тоо кен фирмаларынан түшкөн кирешелерге бир топ жакшы иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда акыркы мезгилдерде наристелердин өлүмү көбөйүп жаткандыгы кейиштүү экендигин бирок, мындай көрүнүшкө дарыгерлер гана эмес жарандар өздөрү да дарыгерлерге өз убагында кайрылбай айрым учурда өздөрү да күнөөлүү болуп калышаарын айтып, бул маселе менен иш алып барууну райондук жалпы дарыгерлик борборунун башчысына жана район акиминин социалдык маселелер боюнча орун басарына тапшырма берди. Чаткал районунда 4609 жаран жөлөкпул алышаарын жана жарандарга жөлөкпул берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгынан маселе чыгышы мүмкүн экендигин, мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоонун көрсөткүчүн жогорулатуу керектигин, акыркы мезгилде чет жактарда иштеген жарандарыбыз киреше таап, өз жерине жардам беришип, айрымдары балдарын жакындарынын колуна таштап натыйжада, балдар терс мамилеге кабылып жаткандыгын айтып, антсе да, миграциянын оң таасири бар экендигин билдирди. Быйыл мамлекет тарабынан облус боюнча сегиз чакырым унаа жолу асфальтталса, мындан эки чакырымы Сумсар айылына бөлүнгөнүн, Жалал-Абад облусунда негизги төрт чиелүү маселе-диний экстремисттик кырдаал, чегара маселеси, этностор аралык чыр-чатак жана техногендик кырсыктарга байланыштуу маселелер бар экендигин билдирип, чегара маселесин мамлекеттик деңгээлдеги адистер гана чечээрин, бул маселеге кийлигишүүгө карапайым калк эч качан аракет кылбоосу керектигин, мындай калпыс аракеттин алдын алууга ар бир кызматкер аракеттенүүсү керектигин айтты. Ал мындан ары калкка ар кандай кырсык кырдаалдарда берилүүчү ссуда берилбесин, мындан ары турак-жайларды камсыздандырууну колго алуу керектигин маалымдап, буга карата бир нече мисалдарды келтирди. Бүгүнкү күндө коңшулаш мамлекеттерге тиешелүү делген Кыргызстандын аймагындагы чоң объекттер мамлекетке өткөрүлүп жаткандыгын, коңшулаш мамлекеттер менен талаш маселелерде жеке жарандар кийлигишпесе, бул маселени чечүүчү тиешелүү жактарга жардам бергендиги ошол экендигин, жер-жерлерде кредит алгандар кредиттерди төлөбөйбүз-деп айтып жаткандары  мыйзамсыз экендигин, ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керектигин айтты. Ыйгарым укуктуу өкүл сөз соңунда, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджети төрт жүз пайызга дейре өсүп, бир топ жакшы иштер болуп жаткандыгын айтып, элде фирмалар менен ынтымак болсо жакшы иштер турмушка ашырыла берээрин белгилеп, калкка ынтымак каалады. Андан соң, турак-жайды камсыздандыруу боюнча облустагы өкүл Руслан Казаков турак-жайларды камсыздандыруу маселелери, пайдасы жана жол-жоболору тууралуу айтып, камсыздандыруу иштерине мамлекеттен жүз элүү миллион сом бөлүнгөнүн билдирип, камсыздандыруу полистери айрым социалдык жактан муктаж жарандарга бекер берилээрин ал эми, камсыздандыруу каражаттары атайын комиссиянын берилиши тууралуу чечиминен кийин мурдагыдай ссуда сыяктуу беш-алты жыл кечиктирилбестен бир айдын ичинде берилээрин билдирип, активдин катышуучуларын камсыздандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилерге берилчү суроо-жоопторго кезек берилип, катышуучулар О. Кожобеков, Ф. Атажанова, К. Өскөнбаев, Ө. Токтогулов, А. Сапарбеков, Ш. Муратбеков, У. Абдиев, Ш. Таласбаевдердин суроолоруна жооп берилип, ага ылайык, асфальтталган жолдор жана курулган көпүрөлөр убагы келгенде тийиштүү кагаздары бүтөөрү менен мамлекеттин балансына өтөөрү, экотехинспекциядан Чаткал районуна өзгөчө көңүл бөлүү боюнча Премьер  министрге кайрылуу жолдоноорун, балдар жана карылар эс алуучу лагерь ачууну райондук жетекчилик колго алуусу керектигин, балык чарбасын да мүмкүн болсо колго алуу керектигин, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү кайрадан каралып жаткандыгы, райондук сотко быйыл жаңы имарат  салынышы күтүлүп жаткандыгы, фирмалардагы кытай жарандарына берилчү квота маселесин экотехинспекция менен биргеликте текшерип чыкса болоорлугу, А. Айымбетов мектебинин спорттук залы быйыл бүтөөрү ал эми, Ак-Таш айылындагы мектептин бүткөрүлүшү каражатка байланыштуу болоору, Чандалаш көпүрөсүн бүткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү белгилүү болду. Жыйын соңунда, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева район калкына ынтымак каалады.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь