7-9-майда борбор калаадагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Улуу Жеңиштин урматына жана Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И. Панфиловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде чаткалдык балбан Мелис Айтбеков сексен килограмм салмактагы балбандар арасында чемпион аталды.
Кошумчалай кетчү жагдай, балбан Мелис Айтбеков бул жеңиши менен КР. Спортунун чебери наамына да татыды.
Аталган турнирге Орусия, Корея, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 289 спортчу катышып, турнирдин бардык тогуз салмактык бөлүгүндө кыргыз спортчулары жеңишке жетишкен.
М. Эшназаров
]]>