Билим берүү

Белгилүү ишмер, педагог Сатыбалды Байдөөлөтовдун токсон жылдык маарекеси өттү

81

1463200153138 Маареке алгач маркумду эскерип, анын арбагына багыштап куран окуу менен башталып, андан соң, Сатыбалды Байдөөлөтовдун өмүр баяны менен тааныштырылды. 1463200355159 Андан соң, мектеп окуучулары Сатыбалды Байдөөлөтовго арналган ырлардан көркөм окушту.1463200603738 Андан кийин, куттуктоо сөздөрүнө кезек берилип, алгач мектеп директору Шадыкан Айымбетов маарекенин катышуучуларын аталган маареке менен куттуктап, маркумдун эмгек жолуна учкай токтолуп, бул маареке «Тарых жана маданият» жылындагы бир маданий иш чара катары болуп калаарын белгиледи жана мектептеги жетишкендиктерге азыраак токтолуп өттү.1463200956314 Кийинки куттуктоо сөзү район акими Канжарбек Эшалиевге берилип, ал өз сөзүндө Сатыбалды Байдөөлөтовду эскерүү маарекеси 1463201086309майрам катары  сезүү керектигин айтып, маркумдун жогорку кызматтарда иштеген уулдарынын элге жасап жаткан эмгектери тууралуу учкай айтып, алардын баштарына ак калпак кийгизип, өтүп жаткан маареке менен куттуктады.14632014679121463201485912 1463201527954 1463201548222 Чакан музыкалык тыныгуудан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын орун басары Кубаныч Осмонбеквдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, маркум тууралуу эскерүүлөрүн айтышып, маркумдун жубайы Зейнеп энеге ден соолук каалашты. IMG_20160514_110212IMG_20160514_110245 IMG_20160514_110303IMG_20160514_110312Маарекенин жүрүшүндө маркумга арналган музейдин ачылышы болуп, катышуучуларды музей кызматкери Сатыбалды Байдөөлөтовдун эмгек жолу менен кеңири тааныштырды.1463202677065 1463202693361 1463202721707 1463202873924 1463202895640   146320297272014632032429261463203208754 Маареке андан ары уланып, маркумдун уулу, чегара кызматынын полковниги  Наркул Байдөөлөтов жана кызы, Эл агартуунун отличниги Касиет Байдөөлөтовалар сөз сүйлөшүп, IMG_20160514_113439 IMG_20160514_113403катышуучуларга ыраазылык билдиришип, мектептин алдыңкы мугалимдерин баалуу белектер менен жана окуучуларын Сатыбалды Байдөөлөтовдун токсон жылдыгына арналган сертификат менен сыйлады.1463204653340 Мындан сырткары, бир топ коноктор куттуктоолорду айтышты. Маарекенин салтанаттуу бөлүгү аяктаган соң, Сатыбалды Байдөөлөтов тууралуу даректүү тасма катышуучулардын назарына сунушталды жана буга улай эле, маркумдун урматына волейбол оюну өтүп, жеңүүчүлөр акчалай байгелер менен сыйланышты.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь