Жолугушууда алгач, Роза Отунбаева өзүнүн иш сапарынын максаты менен тааныштырып, өзү жетектеген фонддун ишмердүүлүгү жана максаты тууралуу айтты.
Ал өз сөзүндө, кыргыз мигранттары дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеп келаткандыгын, алардын өлкөгө келтирип жаткан пайдасы жана алардын ишмердүүлүгүн жалпы мамлекетке пайда келтирчү бир калыпка салуу сыяктуу маселелерге токтолуп, Түркия, Германия, Орусия сыяктуу чоң мамлекеттерди мисал катары келтирди.
-Биздин фонд чет жакта иштеп, бутка турган мекендештерибиз тууралуу «Кыргызстан, мекендештер салымы» аттуу китеп чыгардык. Чет жактарда иштеген чаткалдык алдыңкы уул-кыздар тууралуу да кошолу китепке, мүмкүн болсо бериңиздер-деп, мындан сырткары, фонд тарабынан чыгарылып жаткан бир топ китептер тууралуу маалымдап, катышуучуларды китепти көп окууга чакырды.
Ал мындан сырткары, фонд тарабынан түзүлгөн жайлоо бала бакчаларынын мааниси тууралуу кеңири айтып өттү.
Андан соң, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун кызматкери Догдургүл Кендирбаева сөз сүйлөп, өздөрү ала келген адистер райондун мектеп, бала бакчаларында окууларды өтүп жаткандыгын маалымдап, фонддун билим берүү программалары жана ага ылайык аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды.
Ал Роза Отунбаева Президент кезинде Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мамлекетибизге келип, иштеп баштаган, азыр Чаткал, Ала-Бука сыяктуу алыскы райондорду да камтый баштаганын билдирип, катышуучулардын назарына
мектептердеги окуучуларга тамак-аш берүү тууралуу кыскача даректүү тасманы сунуштады.
Жолугушууда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору обондуу ырлардан тартуулашты.
Музыкалык тыныгуудан соң, фонддун кызматкери Асылбек Жооданбеков жайлоо бала бакчалары тууралуу даректүү тасманы катышуучулардын назарына сунуштап, Чаткалда да жайлоо бала бакчаларын ачууга байланыштуу сунуштар жана уюштуруу маселелери, жагдайлары тууралуу айтты.
Жыйын соңунда Кр. Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн социалдык иштер боюнча орунбасары Бактыбек Анаркулов сөз сүйлөп, Чаткал районунда жогорудагыдай иштерди аткарууга кеңири каражаттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, алыскы Чаткал районуна келгендиги үчүн Роза Отунбаевага облустук өкүлчүлүктүн атынан ыраазылык билдирди.
Андан соң, катышуучулар Роза Отунбаевага суроолорду беришип, сунуштарын билдиришип, керектүү маалыматтарды алышты.
Жолугушуунун соңунда, район акими Канжарбек Эшалиев жогорудагы маселелер колго алынаарын билдирип, Роза Отунбаевага ыраазылыгын айтты.]]>
Жергиликтүү кабарлар