Сабак учурунда окуучулар кыргыздын улуттук буюмдарынын аталыштары, жасалуу тарыхы, кантип жана эмнеден жасалышы тууралуу көптөгөн нерселерди биле алышты.
Мугалим Р. Сейталиева окуучуларга кыргыздын улуттук буюмдары тууралуу кеңири түшүнүк берүү менен бирге эле, буюмдардын үлгүлөрүн жасатып, аларга баа берди. Тактап айтканда, окуучулар топторго бөлүнүшүп, буюмдарды жасоо менен, бири бирине баа беришти.
Жыйынтыгында, окуучулардын сабактан алган билимдери тест аркылуу бышыкталды.
М. Эшназаров]]>