Мында, окуучулар алгач комуздун коштоосунда салам айтуу менен, өз өнөрлөрүн калыстардын сынына коюшту.
Андан соң, окуучулар ылайык, шаңдуу музыканын астында тапшырмаларды аткарышты.
Топтордун айрымдары салаттардын түрлөрүн жасашып, ага ат коюп, жасаган салаттары тууралуу түшүндүрүп беришти.
Калыстар ар бир эмгекке өз бааларын беришти.
Андан соң топтор кийизден буюм жасоо боюнча да күч сынашты.
Окуучулардын нукура кийизден жасаган буюмдарына калыстар өзгөчө баа беришти.
Таймаштын акыркы тапшырмасы-үй тапшырмасына калыстар тарабынан баа берилген соң, таймаш жыйынтыкталды.
Калыстардын чечими менен 1-орун «Алтын ийне» тобуна, 2-орун «Жез оймок» жана «Чеберлер»топторуна ал эми, 3-орун «Уздар» тобуна ыйгарылып, жеңүүчүлөр 1-2-3-даражадагы Дипломдор менен сыйланышты.
М. Эшназаров]]>