Жергиликтүү кабарлар

Чаткалда Улуу Жеңиш майрамы белгиленди

97

IMG_20160509_102307 IMG_20160509_102445 IMG_20160509_103402 IMG_20160509_102841 IMG_20160509_103640 IMG_20160509_103800 IMG_20160509_103309 IMG_20160509_113408 IMG_20160509_113419 IMG_20160509_115949 IMG_20160509_130139 9-Май Улуу Жеңиштин жетимиш бир жылдык мааракеси Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында чоң салтанат менен белгиленди. Бул күнү ардагерлерди коштогон райондук жетекчилик менен биргеликте район калкы Улуу Жеңишти даңазалаган шаңдуу музыканын коштоосунда район борборундагы Улуу Ата-Мекендик согуштун каармандарына арналып тургузулган эстелик монументке гүлчамбарлар коюлду. Андан соң, Улуу Жеңиштин урматына РИИБ кызматкерлери тарабынан автоматтан залп атылып, Улуу Ата-Мекендик согуштун курмандыктарына арналып куран окулду. Салтанаттуу аземдин калган бөлүгү ардагерлерди сыйлоо иш чарасына арналып мында, район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев, райондук аскер комиссариатынын комиссары, капитан Эрнис Самаков, райондогу Ооган жана Баткен коогалаңдарынын катышуучуларынын кошуунунун төрагасы, капитан Өмүрзак Токтогуловдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалашты. Буга кошо эле, район акими Канжарбек Эшалиев ооруктун ардагерлери-Жакыпбеков Талип жана Нармырзаев Эргешбайга КР. Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн акчалай белектерин тапшырды. Буга коло эле, ардагерагерлерге Каныш-Кыя айыл аймагы жана райондук аскер комиссариаты тарабынан да акчалай белектер берилди. Эскерте кетсек, райондо бүгүнкү күндө, жалгыз гана согуш ардагери болгон Көчөрбай Таласбаев ден соолугуна байланыштуу майрамдык салтанатка келип катыша албагандыктан, ага арналган акчалай белек райондук жетекчилик тарабынан үйүнө алып барып берилди. Салтанат спорттук оюндар жана райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду. Майрамдык салтанатка Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан он беш миң сом ал эми, спорттук оюндарга он миң сом бөлүнүп берилди. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь