Коом

Чаткалдан чыккан улуттук тамак-аш жасоонун белгилүү устаты

175

Тээ токсонунчу жылдардын башында кирип келген базар экономикасынын заманы адамдарды ар кандай кырдаалдарга өзү тарбиялап, эртеңки күнү кандай деңгээлде болоору белгисиз айрымдарды көз көрө элек жетишкендиктерге жеткирсе, айрымдарын турмуштун ар түрдүү тепкичтерине түшүрүп салып, айтоор, ошого жараша адамдардын жашоо-турмушун ал тургай, кулк-мүнөзүн кошо болуп көрбөгөндөй өзгөрттү. Башка замандаштары сыяктуу эле чаткалдыктар да базар экономикасынын шарынан четте калбай, кой бакканы коюн, кетмен чапканы кетменин таштап заман талабына жараша, көпчүлүгү ошол кезде кирешелүү тармак болуп чыга келген соода тармагына ат коюшкан. Биздин бүгүнкү сөз кылуучу каарманыбыз да жаш кезинде окуган кесибин таштап, көпчүлүктүн шарынан калбай соода жаатында күчүн сыноону эп көрдү. Ал сооданын артынан жүрүп Ош, Бишкек шаарларында, мындан сырткары Казакстанда иштеп жүрүп, бирде аз-маз киреше тапса, көпчүлүк учурда иши теңирден тескери кетип айтоор, “саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” демекчи, акырында өзүнүн дарамети менен бизче айтканда, “бутка туруп” кете алды. шайлообай20150813_141826 Бүгүнкү күндө, биздин каарман борбор калаада эң белгилүү соода жайларынын ээси, Кыргызстанга гана эмес коңшулаш мамлекеттерге да белгилүү ишкер. Бул инсан албетте, Чаткалдык белгилүү ишкер Шайлообай Дадабаев экендиги окурмандарга айтпаса да белгилүүдүр. шайлообай20150813_135609   Белгилүү ишкер Шайлообай Дадабаевдин эмгек жолуна саресеп салсак, бул инсандын өзүнүн кесиби ветаптекарь. Жаш кезинде өз кесиби менен Ала-Бука районунда бир нече жыл иштеген. Андан соң, Чаткал районунда райПОдо даярдоочу, Каныш-Кыядагы нан заводунда склад башчысы, №46 кесиптик лицейинде ашкана башчысы сыяктуу кызматтарда эмгектенген. шайлообай20150813_135716 (2) Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башы баарынын эсинде. Ал жылдары баары эле соода тармагына ыктай баштабады беле. Шайлообай Дадабаев да соода тармагында күчүн сынап көрүүнү эп көрүп, ишкердик менен алектене баштаган. шайлообай20150813_141253 Шайлообай Дадабаев адегенде эле ички туюму менен соода тармагынын тамак-аш сатуу жагын колго алып, ушул жаатта киреше табууну эп көрүп, чакан ашкана ачып, элди тейлей баштайт. Бардык эле иш чү дегенде эле киреше бере бербейт эмеспи. Анын сыңарындай, сооданын алгачкы жылдары чынында эле, чеке жылытаарлык киреше таба албайт. Антсе да, сооданын тамак-аш сатуу жаатынын одоно айтканда “куйругунан бекем толгой кармап”, тамак-аштын түрлөрүн жасап, чыгармачылык менен улам издене берди.  “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” деп биз жогоруда айткандай, аракетчил ишкер тамак-аш сатуудагы ийгиликти кыргыздын улуттук тамактарынын түрлөрүн жасоодон табат. шайлообай20150813_141313 Чынында эле, акыркы кездерде кыргыздын түпкү жасалуу сырлары унутулуп бараткан тамактарын жасап, сатыкка чыгаруу ишкер Шайлообай Дадабаевге албан киреше гана алып келбестен, ага бүткүл Орто Азия жана Казакстанга белгилүү ишкерге айлантты. Бүгүнкү күндө, борбор калаада кызмат көрсөткөн “Шайлообайдын бешбармагы” соода жайларын кимдер гана билбейт. шайлообай20150813_141627 Бишкекке келген көпчүлүк коноктор Шайлообай аганын өзгөчө чыгармачылык жана нагыз улуттук табитте жасалган кыргыз улутуна тиешелүү тамактарын тамшанып жешет. шайлообай20150813_141253 Ишкер мындай деңгээлге кантип жеткендиги тууралуу минтип айтат:-Этти канткенде эзбей, табында бышыруунун сырларын жаш кезимде карылардан угуп калчумун.  Калган тамактарды деле жаш кезибизде ата-энелерибиз кантип кайнатып, бышырып келгендигин көрүп жүрчүмүн. Азыр улуттук тамактарды бышырууда көбүнчө жаш кезде карылардан уккан кеп-кеңештерге таянам. Илгери кыргызда улуттук тамактарды бышырууда өзгөчө ыкмалары болгон. Бул ыкмалар азыр унутулуп кетти. Ошондон улам, кыргыздын улуттук тамактарын жасагандардын көбү өз деңгээлинде жасай алышпай жатат. шайлообай20150813_135642 Мен улуттук тамактарга азыр көпчүлүгү колдонгон кошулмаларды  кошпойм. Күлчөтайдын камырын кадимки эле унду сууга жууртуп, жасатам. Болгону, ундун сапатына көңүл бурам. Этти болсо, шаардагы Ош базарынан эле сатып алабыз. Кымызды Кочкордун Сөөк жайлоосунан алып келишет.- Чынында, кыргыздын улуттук тамактарын өз деңгээлинде жасоо ишкер Шайлообай Дадабаевдин ишкердигине чоң киреше жана аброй алып келди. шайлообай20150813_141318 Ал чыгармачылык менен иштеп, улуттук тамактарга жаңылык да киргизип, ошонусу менен кардарларды өзүнө тарта алды. Ишкер тарабынан жасалган куурдактын, бешбармактын бир нече жаңы түрү кардарларды өзүнө тартып,  табитин гана ачпастан, кыргыздын улуттук тамак-ашын мыкты жасаган устат катары кеңири белгилүү кылды. Ишкердин улуттук тамак-аштарды жасоо ыкмалары, дегеле, ишкер тууралуу республикалык жана айрым чет элдик басмалар макалаларды басып чыгарышып, борбордук телеканалдарда көрсөтүүлөрдү даярдашып айтоор, аны кыргыздын улуттук ашканасынын сырларын мыкты билген устат катары даңазап келишүүдө. шайлообай20150813_135912 Мындан сырткары, ишкер борбор шаардын коомчулугуна эмгеги сиңген жаран катары да бир топ аброй алууга жетишкен. Мунун ишкердин “Акылман” аксакалдар кеңешинин сыйлүү төрүнүн мүчөсү болушу жана “Кыргыз Республикасынын Ардактуу Аксакалы” төш белгисине ээ болушу тастыктап турат. шайлообай20150813_140010 Бүгүнкү күндө, борбор калаанын үч жеринде ишкердин соода жайы бар. Соода жайлары күн сайын төрт жүздөй кардарды тейлейт. Соода жайларын ишкер өзү, жубайы Жибек жана кичүү кызы менен биргеликте иштетишет. шайлообай20150813_135625 -Менин келечектеги максатым-кыргыздын улуттук тамактарынын жасалышын өз деңгээлинде кармап туруу жана келечек муундарга кыргыздын улуттук тамактарынын өзгөчөлүгүн, мыкты сапатын жана касиетин жеткирүү-дейт ишкер Шайлообай Дадабаев. М. Эшназаров, КР. Журналисттер союзунун мүчөсү ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь