Буга кошо эле, мектептердеги түрткү берүүчү фонддордун каражатын туура, акыйкат бөлүштүрүү, эмгек өргүүсүнө чыгуу тартибин жолго салууда да профсоюз уюмдарынын төрагаларынын ролу зор экендигин билдирди жана профсоюз уюмдарынын төрагалары негизи, мугалимдердин арасынан тандалып алынган лидерлер болоорун, мугалимдердин таламын талашууда, аларга мыйзамдуу жолдорду көрсөтүүдө дайым сабаттуу жана талапчыл болуу керектигин баса белгилеп, профсоюз уюмдарынын төрагалары сөзсүз эле жетекчиликке талап коюу менен чектелбестен, эмгек жааматын ынтымакка алып келе алган кызматкер болушу керектигин айтты.
Семинардан соң, профсоюз уюмдарынын төрагалары катышкан пленум болду. Бул иш чараларга район боюнча он беш мектептин профсоюз умдарынын төрагалары катышты.
М. Эшназаров]]>