Бишкек шаарындагы “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен райондун айылдарын кыдырып, “Арзуу кылам бул ишти мен Кудайдан, жардам берип мен бирөөнү кубантсам” — аттуу райондук деңгээлдеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө. Учурда аталган иш чаранын чаткалдык студенттерден турган уюштуруу тобу бардык айылдарга концерттик программа тартуулашууда.
Аталган коомдук бирикменин төрагасы Айбек Кудайкуловдун маалымдашынча, иш чарадан андан түшкөн каражаттары райондогу мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдарга берилмекчи.
М. Эшназаров