Долбоорлор

Турак-жайды камсыздандыруу боюнча жыйын өттү

35

IMG_7185 IMG_7187 IMG_7188 IMG_7189 Руслан Макешовдун түшүндүрүшүнчө, буга чейин ар кандай кырсыктардан улам, турак-жайлары жараксыз абалга келген жарандар мамлекеттен акчалай жардамдарга муктаж болуп бирок, мамлекеттеги ар кандай каржылык абалга байланыштуу баары эле толук ала албай келген. Эми, бул нерсе өзгөрүп, калктын жарандардын турак-жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу үчүн атайы фонд түзүлдү. Ага ылайык, республиканын элет жеринде жашаган жарандар турак-жайлары үчүн аталган фондго жылына алты жүз сомдон ал эми, шаар жеринде жашаган жарандар бир миң эки жүз сомдон төгүшүп, турак жайы жабыр тарткан учурда, аталган фонддон атайы адистердин эсептөөсүнө ылайык, турак-жайынын баасына тете каражат алат. Ал эми,  камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жаатында социалдык муктаж жарандарга жеңилдиктер каралган. Дагы бир эске алчу жагдай, турак-жайларды камсыздандыруу фонду мамлекет тарабынан уюштурулган жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Жыйында облустук камсыздандыруу уюмунун кызматкерлерине катышуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип, керектүү жооптор алынды. М. Эшназаров ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь