Маданият

"Эл ичи-өнөр кенчи" кароо-сынагы болуп өттү

80

25 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 Кароо-сынакка мурда жер-жерлерден тандалып келген уз чеберлер, колунан көөрү төгүлгөн усталар, обончу, ырчылар жана бийчилер катышып, өз өнөрлөрүн дагы бир ирет эл сынына коюшту. Кароо-сынак абдан курч деңгээлде, жогорку уюшкандыкта өтүп, ар бир катышуучу өз өнөрүн сахнада тартуулап, көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартуулашты. Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен 1-орун эң көп 396 упай топтогон Терек-Сай айыл аймагына берилип, 5000 сом акчалай байге менен сыйланышты. 2-орун 395 упай топтогон Каныш-Кыя айыл аймагына ыйгарылып, 3000 сом байгеге ээ болушту. Ал эми, 3-орунга 391 упай топтогон Чаткал айыл аймагы ээ болуп, 2000 сом акчалай байгенин ээс болушту. Ал эми, уз чеберлердин арасынан 1-орун Терек-Сай айыл аймагынан келген уз Сүйүмкан Раимбековага берилип, 1500 сом акчалай байге менен сыйланды. 2-орун Чаткал айыл аймагынан келген уз Алмакан Курманалиевага ыйгарылып, 1000 сом акчалай байгенин ээси болду. Зергер усталардын арасынан Чаткал айыл аймагынан келген Акматбек Рысбеков 3-орунду ээлеп, 500 сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Мындан сырткары, кароо-сынакка катышууда активдүүлүк көрсөткөн он катышуучуга 200  сомдон акчалай сыйлык берилди. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь