Үстүбүздөгү “Тарых жана маданият” жылына карата апрель айынын башында Сумсар орто мектебинде элеттик белгилүү акын Чаткалбай Айтбаевдин “Ыр-сүйүүм, ыр-кумарым, ыр-бактым” аттуу поэзия кечеси болду.
Кеченин жүрүшүндө, акындын жаңыдан жарык көргөн “Байдылдага кат” ыр китебинин бет ачаары болуп, мында акындын ыр күйөрмандары, мектеп окуучулары жана автор тарабынан жаңы чыккан “Байдылдага кат” жана 2012-жылы жарык көргөн “Жанар Тоо” ыр китептеринен чыгармалар окулуп, көрүүчүлөргө эстетикалык ырахат тартууланды.
Айрыкча, акындын жаңы китебиндеги:
Түндүн көркү-жылдыз,
Тоонун көркү-кыргыз.
………………………………..
Жакшы аял-жаздагы гүл,
Жакшы эркек-кыштагы пил.
……………………………….
Чебер-үйдү гүл кылат,
Чечен-сөздү гүл кылат.
…………………………….
Аялдын көркү-тазалык,
Эркектин көркү-базарлык.
…………………………….
Көңүл мээри-көздө,
Өмүр мээри-сөздө — деген сыяктуу эгиз саптары ыр күйөрмандарынын алкоосуна арзыды.
Кеченин соңунда, күйөрмандары жана кеченин катышуучулары элеттик акын Чаткалбай Айтбаевге чыгармачылык бийиктиктерди каалашты.
Б. Исаков ]]>