Быйыл Чаткал айыл аймагы тарабынан айылдардагы санитардык жактан тазалыкка чоң көңүл бөлүнүүдө. Атап айтканда, ар бир айылдын чет жагына атайы таштанды төгүүчү жайлар берилүүдө. Мындан ары, тургундар таштандыларын атайы автоунаа менен ушул жайларга гана төгүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан аталган айыл аймакта өткөрүлгөн элдик жыйындарда маалым болду. Мында белгилүү болгондой, мындан ары таштанды төгүү үчүн белгиленген жайдан сырткары төккөн учурда, аны төккөн автоунаанын айдоочусуна айыл аймагы тарабынан эки миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы. Мунун себеби, таштандынын ээси автоунаага жүктөп койгон соң, айдоочулар каалаган жерине төгүп салып, кете берген учурлар көп. Кыскача айтканда, бул жагымсыз жагдай жогорудагыдай чечим чыгарууга түрткү берүү менен, коюлган айып пулдун баасы элдик жыйында бир добуштан кабыл алынды.
М. Эшназаров ]]>