Жергиликтүү кабарлар

Малчылардын жана суугатчылардын эмгек акысын мыйзамдуу жөнгө салса болот

23

IMG_6920 Район калкынын колундагы төрт түлүк малдын саны жыл сайын өсүп бара жаткандыгы белгилүү. Ага жараша, жергиликтүү малчылар калктын малынын бакчу баасын ич ара келишүү менен бычышып алып, ала жаз менен жарышып, ондогон короо койлорду, үйүрлүу жылкыларды жана топтошкон кара малды жайлоолорго алып чыгышат.  Анан…., анан албетте, малчылар жайлоолордо эт, курут, май жана кымызга карк болушуп, жыргал жашоонун доорун сүрөт-деп ойлоп жатасыз да ээ? Мен да ушинтип ойлочумун. Көрсө, андай деле эмес экен…. Малчылар өздөрү күйүп-бышып айткандай, өздөрү тээ тоо башында мал кайтарып ал эми, алардын жубайлары айылда малдын акчасын доолап жүрүп жайдын көп мезгилин өткөрүшөт экен. Бул тууралуу жакында Чаткал айыл аймагында  болгон элдик жыйында белгилүү болду. Чындыгында, малчылардын эмгек акысы жалпылап эсептегенде бир топ сезилгени менен, ай сайын үргүлжү тийбегендиктен, ар кайсы убакта ар кандай топтолуп соңунда, биз ойлогондой деле пайда бербей калышы толук мүмкүн экен. Буга айрым мал ээлеринин малчынын эмгек акысын жыл айланта бербей жүрө бериши да кошул-ташыл… Жогорудагы элдик жыйында малчылар тарабынан ушул сыяктуу бир топ маселелер ачык коюлуп, катышуучулар тарабынан бир нече пайдалуу сунуштар, пикирлер айтылды. Алардын эң орчундуусу Жаңы-Базар айылынын тургуну Абдылда Кыдыровдун сунушу болду-деп айтууга толук негиз бар. Ал малчыларды жайыт комитетине мүчөлүккө кабыл алып, мыйзамдуу түрдө эмгек китепчесин ачтырып, алардын эмгек акысы жайыт комитети тарабынан жыйналып, андан мыйзамга ылайык  соцфонд төлөмдөрү кармалган соң, калганы маяна катары берилсе, алардын келечекте пенсияга чыгуусуна да жакшы болмок-деген сунуш-пикирин билдирди. Чынында, А. Кыдыровдун сунушу мыйзамга ылайык келсе, бул ыкманы малчылардын гана эмес, айыл калкы менен келишимдик негизде иштеген суугатчылардын эмгегин жөнгө салууга колдонсо болот деген пикирдемин себеби, аларда да ушундай эле маселелер бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. М. Эшназаров ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь