Жергиликтүү кабарлар

Айрым үлүш жерлер кайрадан инвентаризацияланат

23

IMG_6850 IMG_6857 IMG_6879 Быйыл Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын айрым тургундарына тиешелүү үлүш жерлер кайрадан инвентаризациялоодон өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Буга себеп, жакында Курулуш айылында болгон элдик жыйында жергиликтүү калк тарабынан буга чейин үлүш жерлердин башка жактарга мыйзамга ылайык эмес жылдырылышына байланыштуу кызуу талаш-тартыш орун алган эле. Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров талаштуу маселеге чекит коюу максатында элдик жыйында айтылган үлүш жерлерге тиешелүү адистердин катышуусунда кайрадан инвентаризациялоо жүргүзүлөөрү тууралуу билдирген. Мында, негизги маселе Курулуш айылынын Ийри-Сай участкасында экендиги да элдик жыйында айтылган. М. Эшназаров ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь