Быйыл Чаткал токой чарбасында ар түрдүү тал-теректердин көчөттөрүн өндүрүү иштери мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла кеңейтилүүдө. Тактап айтканда, быйыл аталган мекеменин Каныш-Кыя айылындагы питомниктерине 10 сотых аянтка алма, 15 сотых аянтка өрүк көчөттөрү өндүрүлсө, 15 сотых аянтка кара жыгач, 50 сотых аянтка терек калемчелери отургузулууда. Бул тууралуу токой чарба бөлүмүнөн билдиришти.
М. Эшназаров]]>