Жергиликтүү кабарлар

Чаткал токой чарбасы тарабынан ар кандай көчөттөр сатылууда

136

ippipp Чаткал токой чарбасы тарабынан быйылкы жазгы көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине карата үч жүз жыйырма даана карагай көчөттөрү алынып келинип, мекеме, ишканаларга жана калкка сатылууда. Бул тууралуу райондук токой чарбасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, карагай көчөттөрүнүн баасы 600 смодон 800 сомго чейин болууда. Буга кошо эле, 150 сомдон алма, 80 сомдон өрүк, 25 сомдон кара өрүк, 400 сомдон кызыл карагай, 10 сомдон кара жыгач, 15 сомдон терек жана 10-15 сомдон айленддин көчөттөрү да сатылууда. Кошумчалай кетсек, жыл сайын аталган токой чарбасы тарабынан районго ар түрдүү тал-теректердин жана мөмө берчү дарактардын көчөттөрү  алынып келинип, сатылат. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь