Кечеге мектеп администрациясы, мугалимдер жааматы жана 9-10-11-класстардын окуучулары катышты. Поэзия кечесинин өзөгүн жаңыдан жарык көргөн “Чаткал таланттары 1” ырлар жыйнагына кирген мектептин мугалимдери Курбаналы Тагаев, Аяткан Карабекова, Зулайка Алчимбекова, Айжамал Күзөбаева, Айтилла Алимбекова, Бекмурат Исаковдордун ырлары жана прозалык чыгармалары түздү.
Кеченин жүрүшүндө, мугалимдер жана окуучулар жогорудагы акын, калемгерлердин чыгармаларынан көркөм окушуп, обондуу ырларынан аткарышып, авторлорго кызыккан суроолорун узатышып, аларга чыгармачылык каалоо, тилектерин билдиришти.
Кеченин соңунда, катышуучуларга жагымдуу жана эсте калаарлык кечени уюштурган тарых мугалими Айгүл Жакыпбековага кеченин жалпы катышуучулары ыраазылык билдиришти.
Курбаналы Тагаев, В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын окуу бөлүмүнүн башчысы]]>