Кабар

Элдик жыйындар өткөрүлдү

30

элдик жыйынIMG_5763 элдик жыйынIMG_5726 Айгыр-Жал айылындагы болгон жолугушууда айыл тургундары  Р. Сейталиев айылда жаңы салынып жаткан 200 орунга ылайыкталган клубдун залы түз болуп калгандыгын, стадион эки жылдан бери бүтпөй жаткандыгын, мектептердеги ажатканаларды уламдан эле салдыра бербей атайын техника алып колдонуу керектигин, мал чарбачылыгында асыл тукумга маани берилбей жатканын, А. Эшикулов айыл чарба департаментинин айыл  чарбасы менен жакындан иш алып барбай жатканын, айылдагы ГСВнын чарбагы медицина кызматкерлеринин аракети менен 1990-жылдан бери токойдон чырпык алып чыгып тосушуп, бирок ал талапка жооп бербегендиктен мал айланасындагы бакты жеп жаткандыктан атайын тосмо менен айыл аймагы тарабынан тосуп берүүнү, жазгысын жайыт комитети тарабынан эки  чабанга бир мал жайыт берилип калган учурлар кездешип жатканын, К. Абдраманов үй салууга колунда жокторго токой чарбасы тарабынан курулуш материалдарынан жардам берүүнү, жолбун иттердин атылбай жатышы, айылдарда кошумча жумушчу орундарын ачуу керектигин, Ж. Бекимбетов айылдагы салынып жаткан асфальт аягына чыгабы деген суроолорду беришип, өтүнүчтөрдү айтышты. Каныш-Кыя айылында болгон элдик жыйында айыл тургуну А. Сапарбеков райондук айыл чарба департаментинин башчысы Э. Кошбаевге быйылкы айыл чарба иштерине байланыштуу суроолорду берип, аталган мекеменинин учурда жүргүзүп жаткан иштерине кескин сын-пикирин билдирди. Ал буга кошо эле, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С. Мусабаевге да суроолорду берди. С. Мусабаев өз кезегинде А. Сапарбековдун суроолоруна өз жоопторун берди. Айыл тургуну Ө. Токтогулов райондук жалпы дарыгерлик борборундагы айрым маселелер тууралуу аталган мекеменин башчысы С. Таировго суроолорду берди. С. Таиров айтылган маселелер боюнча чара көрөөрүн билдирди. Элдик жыйында мындан сырткары, райондук санэпид мекемесине да бир топ суроолор берилди. Ал эми тиешелүү жоопкерчиликтеги жетекчилер тарабынан тийиштүү жооптор берилди. Б. Дилдебаев]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь