Күйдүргү-зооноздоо тобундагы спора пайда кылуучу Bacillius anthracis микробу козгогон, малдан жугуучу. Союп жатканда, муунак буттуулар кан соргондо жана башка учурларда жугуучу дарт. Көбүнчө тери, сейрек учурда өпкө жана ичеги калыбында көрүнгөн курч жугуштуу оору.
Клиникалык белгилери:
Оору курч башталып, төмөндөгү клиникалык калыпта өтөт:
- тери-очок териде жайгашып, кичине бүртүкчөдөн кара жарага чейин өнүгөт
- өпкө-кыска продром мезгилден кийин вирустук ооруларга окшош, аба жетишпейт, рентгенде көкүрөк көңдөйдөгү кеңейүүлөр көрүнөт:
- ичеги-өтө оор ичегилердин бузулушу менен эти ысып, козгогуч канга өтүп кетет:
- ооз-фарингеалдык очок ооздо жана тамакта тайгашып, моюн линфа түтүкчөлөрү чоноюп, эти ысыйт.
Оорунун булагы адамдар үчүн оору булагынын сапатында чөп жей турган жаныбарлар, анын ичинде ири жана мүйүздүү мал, жылкы, тоок, кой, эчки, чочко кызмат кылышы мүмкүн. Жаныбарлардын көпчүлүк учурда бул оору менен жабыркашып, алардын басымдуусу өлүм менен аяктаганына байланыштуу козгогучтун негизги сакталуучу жери кыртышында көптөгөн жылдар бою сакталат. Ал эми оорулуу адам инфекция булагы катары коркунучтуу эмес. Адамдан адамга жуккан ишенимдүү фактылар жок. Адамда 98-99 пайыз тери калыбында катталып, козгогуч сырткы чөйрөгө бөлүнүп чыкпайт. өпкө жана ичеги калыптары теоретикалык жактан коркунучтуу болгону менен практика жүзүндө алардын реалдуу таркалуу фактылары катталган эмес.
Күйдүргүү оорусунун адамга жугуу жолдору ооруган малды союуда, терисин иштетүүдө, күйдүргүнүн микробу менен булганган тамак-ашты пайдаланууда күйдүргүнүн уюугу бар жерди иштетүүдө, ооруган малдын сөөгүнөн алынган ун жана күйдүргүнүн микробу бар чаңды дем алганда жана ошондой инфекция, чымын-жигалка, көгөндүн чагышы аркылуу жугушу мүмкүн.
Күйдүргүү оорусун алдына алуу күйдүргүгө каршы жыл сайын үй жаныбарларын эмдөө, күйдүргүнүн уюгу бар аймакта мал жайбоо, ооруга шектүү малды соер алдында сөзсүз түрдө ветеринардык адиске кайрылуу, эт жана сүт азыктарын текшерүүдөң өтпөгөн жерлерден сатып албоо, андан тышкары үй жаныбарларын тейлөөдө атайын кийимдерди кийүү жана колуңарды самын менен жууп, жугушсуздандыруучу каражаттарды пайдалануу зарыл.
Эскертүү: күйдүргү илдетинен өлгөн малдын бүтүн эти өрттөлүп, андан алынган азык-түлүктөр жок кылынышы керек. Эгер корооңуздан ылаңдаган малды байкасаңыз сөзсүз түрдө ветеринардык дарыгерге кайрылыңыз.
Г. Акылбекова, ОААжСЭКБнын башкы дарыгери
]]>