Мында, жазуучу Гүласал Алиеванын калемине таандык, маданий, нравалык жана этикалык тарбия берген “Сүтак” аттуу чыгарма Кадырбек Калыковдун режиссёрлугу астында райондун сегиз мектеп жана сегиз бала бакчасында коюлуп, наристелерге жакшы маанай тартуулай алды. Райондун көпчүлүк мектеп, бала бакчалары куурчак театрынын спектаклин зор кызыгуу менен кабыл алышты.
-Буга чейин Чаткалга куурчак театры сейрек келгендиктен, биз алдын ала сүйлөшкөн айрым мектеп жетекчилери түшүнбөстүк кылышып, биздин кызмат көрсөтүүбүздөн баш тарткандары да болду. Биздин максат-акча табуу эмес, наристелерге нравалык, эстетикалык ырахат тартуулоо. Чет элдин же, атамекендик айрым этикалык-нравалык деңгээли төмөн фильмдерди деле балдарыбыз көрүп атпайбы. Андай көрө, жандуу ырахат тартуулай алган куурчак театры алда канча өйдө. Антсе да, биздин кызмат көрсөтүүбузгө колдоо көрсөткөн райондук жетекчиликке жана райондук билим берүү бөлүмүнө ыраазыбыз-дейт куурчак театрынын администратору Жоодарбек Жаңыбаев.
Белгилей кетчү нерсе, куурчак театры быйылкы Тарых жана Маданият жылына карата чаткалдык белгилүү элдик өнөрпоз Айбек
Сапаркуловдун жекече демилгеси жана чакыруусу менен районго келип, кызмат көрсөттү.
Айбек Сапаркулов мурда Надырбек Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театрында актёр болуп иштеген.
М. Эшназаров ]]>