Март айынын орто ченинде мугалимдердин Чаткал райондук ХХII-спартакиадасы болду. Спартакиадада мугалимдер спорттун стол тенниси, шахмат жана волейбол түрлөрү боюнча күч сынашты.
Мугалимдер аталган спорттун түрлөрү боюнча кызуу таймаш өткөрүшүп, күчтүүлөрү жеңишке ээ болушту. Атап айтсак, стол тенниси боюнча эркектер арасындагы мелдеште 1-орунду Терек-Сай орто мектебинин мугалими Нарынбай Анарбаев жеңип алды. 2-орунга Кайың-Суу орто мектебинин мугалими Райымбек Мамурбеков ээ болду. Ал эми, 3-орун Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин мугалими Абубакир Нармырзаевге ыйгарылды.
Стол тенниси боюнча аялдар арасындагы мелдеште 1-орун Башкы-Терек орто мектебинин мугалими Салтанат Баймырзаевага ыйгарылды. 2-орун С. Мырзалиев орто мектебинин мугалими Алибек кызы Нургизага берилди. 3-орунду А. Айымбетов негизги мектебинин мугалими Жумаида Мырзабаева ээледи.
Шахмат боюнча эркектер арасындагы мелдеште 1-орунду Башкы-Терек орто мектебинин мугалими Сүймөн Аширов жеңип алды. 2-орунду А. Айымбетов негизги мектебинин мугалими Абдрасул Сейталиев ээледи. Ал эми, 3-орунду Терек-Сай орто мектебинин мугалими Нарынбай Анарбаев ээ болду.
Ал эми, шахмат боюнча аялдар арасындагы мелдеште кыздар арасындагы мелдеште 1-орунду Т. Жаналиев орто мектебинин мугалими Чолпон Сарымсакова жеңип алды. 2-орунду А. Баймырзаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлнура Ботобекова ээледи. 3-орунга С. Байдөөлөтов орто мектебинин мугалими Сагипа Бузелбаева ээ болду.
Воллейбол боюнча командалар аралык мелдеште эркектер арасында 1-орунду А. Айымбетов негизги мектебинин командасы ээледи. 2-орун Чакмак-Суу орто мектебинин командасына ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Башкы-Терек орто мектебинин командасына берилди.
Аялдар арасындагы воллейбол боюнча мелдеште 1-орунду Башкы-Терек орто мектебинин командасы ээледи. 2-орунга “Чебурашка” балдар бакчасынын командасы ээ болду. 3-орун Чакмак-Суу орто мектебинин командасына ыйгарылды.
М. Эшназаров ]]>