Буга чейин Шакафтар айылындагы республикалык кургак учукка каршы ооруканада 82 кызматкер иштеп келген. 2015-жылы оорукананын жалпы кызматкерлеринин айлык маянасына 14 млн. сом акча каражаты жумшалган. Бугүнкү күндө, дарыланган бейтаптардын санына жараша акча каражаты төлөнө тургандыгы ФОМС тарабынан маалымдалган. Тактап айтканда, акча каражатынын тартыштыгына жана акча каражаттарын үнөмдөө максаттарында саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ФОСМтун буйруктарынын негизинде, ооруканада ашыкча делген штаттар кыскартылып, бүгүнкү күндө 82 кызматкерден 53 гана калып, 23 кызматкердин жумуш орду кыскартылды.
Бул штаттык кыскартуу 29 жаранды жумушсуз калтыруу менен гана чектелбестен, аталган мекеменин иш ыргагына да терс таасирин тийгизбейт деп эч ким кепил боло албайт деп ойлойбуз.
Б. Исаков ]]>