КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө токтомунун жобосуна ылайык, карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысын, мезгилин жана убактысын күбөлөндүрүү, алардын жашын, ошондой эле көрсөтүлгөн терилердин түрдүк таандыгын аныктоо, аларга белги салууну ишке ашыруу, олжолоо жөнүндө актыларды тариздөө үчүн 2016-жылдын 14-мартында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде райондо курамы беш адамдан турган комиссия түзүлдү.
Комиссияны раймамадминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектеп, курамында раймамадминистрациясынын сектор башчысы, ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин райондогу егери, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү кирген. Ошондой эле буйрукка ылайык комиссиянын иштөө графиги 21-март, 11-апрель, 25-апрель, 10-май, 25-май, 10-июнь, 24-июнь, 11-июль, 25-июль, 10-август, 25-август, 9-сентябрь, 26-сентябрь, 10-октябрь, 25-октябрь, 10-ноябрь, 25-ноябрь, 9-декабрь, 23-декабрь күндөрү болуп бекитилген.
Ал эми карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн (бир башка эсептегенде) карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынан бөлтүрүк) 1500 сом, чөө үчүн 2000 сом белгиленген.
Б. Дилдебаев «Чаткал оттору»]]>