(Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын башчысы Момунов Расулбек Раимбекович менен маек.)
-Расулбек Раимбекович, райондо салык топтоонун абалы кандай болууда?
-2015-жылдын 12 айында 659 739,6 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 1601257,3 миң сомго, же план 2,4 эсеге аткарылган. Пландан ашыкча бюджетке 941517,7 миң сомдук салык жана салык эмес төлөмдөр кириштелген. Мындан республикалык бюджетке 543559,5 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 1472313,1 миң сомду түзүп, же план 2,7 эсеге көп аткарылган. Жергиликтүү бюджетке 116180,2 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 128944,3 миң сомго же план 111,0 пайызга аткарылган.
2015-жылы бюджетке кириштелген салык жана салык эмес төлөмдөрдүн 2014-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 4,2 эсеге көп болгон жана бюджетке 1222237,9 миң сомдук ашыкча салыктар кириштелген.
Ал эми 2016-жылдын эки айында жеткизилген план тапшырма 39498,1 миң сом болсо 55707,9 миң сомго же 141,0 пайызга аткарылган.
Ошол эле убакытта жергиликтүү салыктардын (жер, транспорт, мүлк, патент, жана башка салыктары) салыктык көзөмөлү 2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 52,1 беренесинин негизинде толугу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктар берилгендигин маалымдап коюу зарыл деп эсептейм. Салыктык көзөмөл бир гана бул салыктарды жыйноо гана эмес рейддик текшерүүлөр жана анын жыйынтыгы менен салыктык карыздарды мажбурлоо жолу менен өндүрүү, административдик чара (штраф салуу) колдонуу укуктарына ээ дегенди билдирет.
—Райондо салыктардын кээ бир түрлөрүнүн жеткирилген план-тапшырмаларынын аткарылбай калганы бар да?
-Райондо жер алдындагы кен байлыктары менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалар бар. Алтын өндүрүүчүлөрдөн кирешесинин алынуучу салыкка 23825,3 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 14629,3 миң сом болуп, план 61,4 пайызды түздү.
Сатуудан алынуучу салыктын түрүнө 34222,1 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 33232,5 миң сом болуп, 97,1 пайыз болгон.
Роялти салыгына 20569,8 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 14884,5 миң сомго, же 72,4 пайызга аткарылган.
Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө чегерүү 2 пайыздык салыкка 134702,0 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 29825,4 миң сомго, же 22,1 пайызга аткарылган.
Жогорку салыктардын 2015-жылдын башынан эң ири өлчөмдө төлөгөн биздин райондогу алтын өндүрүү менен ишмердүүлүк жүргүзгөн жалгыз гана ОсОО “Вертекс Голд Компании” ишканасы 2015-жылдын июль айынан баштап алтын өндүрүүсү токтоп калгандыктан август, сентябрь, октябрь, декабрь айларына бул салыктардын отчетторун нөл менен берип келгендиги негизги себеп болгон.
-1-мартта юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады. Райондо бул декларациянытапшырууга милдеттүү канча юридикалык жак бар жана алар толугу менен тапшырууга жетише алдыбы?
— 1-мартта БСД тапшырууга милдеттүү болгон 139 юридикалык жактардын 134ү тапшырган. Мен бул сурооңузга кошумчалап райондук салык кызматынан каттоодон өткөн жеке жактарды 2016-жылдын 1-апрелине чейин активдүү түрдө кеч калбастан бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга чакырып кетет элем.
Андан сырткары декларацияларды, маалыматтык эсептерди жана отчетторду электрондук түрдө салык кызматынын sti.gov.kg сайты аркылуу салык кызматына келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы бир жолу калың элге айтып коюу ашыктык кылбас деп ойлойм.
—Жакында республикалык салык мекемелеринин жетекчилери менен КРнын премьер-министринин болгон жолугушуусунда Темир Сариевдин берген суроосуна жооп бере албай калган учурду КТРК каналынан көрсөттү эле. Сиз салык кызматында көп жыл иштеген адамсыз. Суроого жооп бере албай калганыңыздын себеби эмнеде болду?
-Бул сурооңузга жооп буга чейинки жооптордун өзүнөн келип чыгат. Анткени Премьер-министр мени биринчи суроо-жоопко которгондон баштап сиздер телевизордон көргөн маалга чейин бир топ суроолорго жооп берүү учурунда көп убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу регламент сактоо максатындабы же башка жагдай боюнчабы белги берилгендигине байланыштуу болгондугун актануу үчүн эмес, калың элде салык кызматы жөнүндө жакшы пикир бузулбасын деген ниетте жооп бердим. Ал эми теледен көрсөткөнү менин жооп берип жаткан убактымды эмес, ошондой абалды көрсөтүп салган. Ар бир жыйналыштарда ыңгайына жараша учурлар болот да.
Маектешкен: Б. Дилдебаев]]>