Жалпы

Кыздарды өз эркинен тыш, зордоп ала качууга каршы жазылган учкул сөздөр, ураандар

59

IMG_7850 Кызды уурдап кылмыш кылба, кызыгы жок турмуш курба. …………………………………….. Кыз да адам, анда ыйман бар, Алып качам дебе, мыйзам бар. ……………………………………… Кызды уурдап үйлөнүү бул-уурулук менен турмуш баштоо. ………………………….. Кыз сүйбөсө зордобо, Кызды уурдап кордобо. ……………………………. Кыз ала качуу салт эмес, Кыргыздар түркөй калк эмес. ………………….. Уурдап үйрөнбө, Уурдап үйлөнбө. ………………… Кыз мал эмес, уурдаба, Кыз намысын булгаба. ……………………. Уурдап алып аялды, Ууру күйөө аталба. …………………………………… Сүйүүсү жок турмуштун кунары жок, Сүйбөй алган жубайдын кумары жок. …………………………………….. Кызга зордоп үйлөнүү кызды зордуктоонун эң оор жана жазасыз калып келаткан түрү.     М. Эшназаров. КР. Журналисттер Кошуунунун мүчөсү  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь