Аялдардын Эл аралык күнү Чаткал районунун аймагында да өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленип, аялзатынын коомдон алган орду, деги эле сөз менен айтып түгөтө алгыс бийиктиги ал күнү дагы бир ирет даңазаланды. Ал эми райондук мамлекеттик администрациясында аялзатына арналган азем райондук маданият үйүнүн таланттарынын аткаруусундагы ырлар жаңырып, арзуу тилектер, белек берүүлөр менен коштолду. Ошону менен катар райондун акими К. Эшалиев райондогу мекемелерде иштешкен эмгек алдыңкылары болгон аялдарга раймамадминистрациясынын Ардак грамоталарын жана мекемелер тарабынан даярдалган белектерди таршырды.
Бул аземде райондук аялдар Кеңешинин төрайымы Г. Акылбекова алдыңкы айымдар С. Топчубековага “Бактылуу чоң эне”, А. Курманалиевага “Нарктуу зайып”, Т. Раимкуловага “Ардактуу апа”, Ч. Жумабаевага “Ажарлуу айым”, А. Мамбеткуловага “Ишкер эже”, М. Назаловага “үлгүлүү кыз”, М. Турдуматовага “Келечек карындаш” номинацияларын тапшырды.
Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С. Мусабаев айыл аймагынын аймагындагы эмгек алдынкыларына айыл аймагынын Ардак грамоталарын жана 250 Баатыр энеге белектерин берди.
Б. Дилдебаев]]>