Атап айтсак, физика сабагы боюнча С. Байдөөлөтов орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айгерим Таалайбекова жана Исмаил уулу Матиш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Сапарбек уулу Алишер 2-орунду камсыз кылышты.
англис сабагы боюнча С. Байдөөлөтов орто мектебинин 10-классынын окуучусу Искенова Мираида 3-орунду ээледи. Химия сабагы боюнча Исмаил уулу Матиш орто мектебинин 11-классынын окуучусу Абдыкайым уулу Акылбек 3-орунга, география сабагы боюнча ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу Алтынбек кызы Саадат 3-орунга, математика сабагынан 10-класстын окуучусу Максыбек кызы Оксана 3-орунга ээ болушту. Кыргыз тили сабагы боюнча Терек-Сай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Рахманбердиев Элисан 3-орунду алды.
Ал эми, англис тили сабагы боюнча С. Байдөөлөтов орто мектебинин 11-классынын окуучусу Үмүт Темиркулова, химия сабагы боюнча Исмаил уулу Матиш орто мектебинин 10-классынын окуучусу Карим кызы Аймүрөк жана ушул эле мектептин 10-классынын окуучусу Эрнис кызы Таңнуралар 4-орунду камсыздай алгандыктары үчүн “Ардак Грамоталарга ” ээ болушту. Жалпы катышуучулардын арасынан 7 окуучу 2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды.
Өткөн жылга салыштырганда, быйылкы көрсөткүч бир топ жогору болду деп айтса жарашат себеби, өткөн окуу жылында облустук спартакиада райондон барган эки гана окуучу 3-орунду алышкан. Албетте, облус боюнча спартакиадага катышкан 389 окуучунун арасынан жогоркудай көрсөткүчтөргө жетишүү районубуз үчүн көзгө толоорлук көрүнүш экендиги талашсыз.
М. Эшназаров]]>
Билим берүү