Демөөрчүлүк

Чаткал жолугушуусу-2016: Алдыңкы студенттерге стипендиялар тапшырылды

122

chatkal.kg”   расмий сайтты тарабынан коомчулукка жарыяланган эле.  Ушул жылдын 27-февралү күнү  Бишкек шаарында Чаткал жаштар жолугушуу кечеси уюштурулуп,  «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Чаткал районунан чыккан мыкты студенттерге стипендия берүү  салтанаты болду.Анда, Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясынын ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек миграция жана жаштар министрлигинин “Ардак громатасы” татыктуу болгон,   Спорт тармагында Республикалык мелдештерде стол тенниси боюнча   1-орунду багындыргандыгы,  окуу жайдын “Жылдын мыкты студенти”,  Чаткал районунун Сумсар айылынын тургуну, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетнин 4 курсунун студентти Мирзаим кызы Улара 4000 сом, коомдук маданий иштерге жигердүү катышкандыгы, ыр-бий өнөрүн мыкты аткаргандыгы, комуз ойноо жана манас айтуудагы мыкты чеберчиликтери жана университетин громата, сертификаттарынын ээлси Кыргыз-Түрк Манас  университетинин 4курсунун студенти Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургуну Турганбаева Асел Манасбековна 2000сом , ушул эле номинация менен  Инновациялык технологиялар жана Экономика коледжинин 3курсунун студенти Чаткал районунун  Жаңы-Базар  айылынын  Кадырбек кызы Айзада 2000 сом, окуудагы мыкты жетишкендиктер үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун стипендиясынын ээси,  аталган окуу жайдын 5-курсунун студенти, Чаткал районун Жаны-Базар айылынын тургуну Турабеков Залкарбек Турабекович  4000 сом, коомдук иштердеги жигердүүлүгү  менен айырмаланган, аталган окуу жайдын дагы бир курсунун студенти, Чаткал районун Айгыр-Жал айылынын тургуну Алмазбек кызы Мираида  4000 сом, Махмуд Кашкари- Барскани атындагы чыгыш университетинин студенттик кеңешинин мүчөсү, “Кыргызстан жаш лидерлер” коомдук мектебинин бүтүрүүчүсү,  жогоруда аталган университеттин 2-курсунун студенти Жуманазаров Аскар Жуманазарович 4000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атайын  номинацияларын жана сыйлыктарды Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев тапшырды. IMG_7884 IMG_7886 IMG_7888 IMG_7889 IMG_7895IMG_7896IMG_7891   IMG_7897 IMG_7905 IMG_7908 (2) IMG_7910 IMG_8058 Ал эми, «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин активдүү мүчөлөрүн жаштар саясатын жүзөгө ашырууда кичи мекенине кошкон салымы үчүн  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Атантай уулу Жоодарбек, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Жунусбек уулу Шумкар,  Бишкек Гуманитардык университетинин студенти Анарбекова Раиса Жаныбековна,           Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенти Азимкул уулу Искак, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети студенти Нармырзаева Таттыбүбү  Асановна, Туризм академиясынын студенти Бейшенова Айгерим Нарбаевна, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Абдиев Жаныш Мирзалимович            , Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Нармырзаев Илясбек Мансурханович, Бишкек гуманитардык университетинин ректорунун жардамчысы,     «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү Кудайкулов Айбек Обгановичке        Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Канжарбек Эшалиев тарабынан “Ардак грамоталар” жана райондук деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды. Мында айта кетсек, алдыңкы 6 студентке 4000 сомдон жалпы 20000 сом раймамадминистрация тарабынан, алдыңкы 3 студентке 1000 сомдон 3000 сом Чаткал айыл аймагы тарабынан берилди. Бишкек Гуманитардык университетинин ректорунун жардамчысы,  «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Кудайкулов жогорудагы маанилүү иш чара тууралуу өз пикирин төмөндөгүдөй билдирди: -Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты кичи мекенибиздин уясынан учуп чыгып, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында эмгектенип, изденип окуп, билим алып жаткан  жаштарыбызды бири-бири менен  жакындан тааныштыруу.  Мекенге болгон атуулдук сүйүүнү бекемдөө, өз-ара ой бөлүшүп, пикир алышууга чакыруу болуп саналат. 2014-2015-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын жана анын башчысы-аким Канжарбек Жаныбековичтин материалдык жактан көмөк көрсөтүүсү менен 12 мектептен бирден алдынкы  көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларды Бишкек, Ош шаарларындагы жогорку окуу жайлар, маданий, тарыхый  борборлор менен  тааныштыруу,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугуштуруу иш- чаралары жүзөгө ашырылды. Бишкек шаарында билим алып жатышкан студенттер арасында бир кыйла иш чаралар уюштурулуп, районубузга кандай кызмат кылабыз?  деген теманын алкагында ар жыл сайын:   “Мыкты долбоор мыкты баскыч”,  “Миң кадам бир кадамдан башталат”, — деген сыяктуу  маселелердин алкагында жигердүү жаштардын жолугушуулары үзгүлтүксүз өткөрүлөп келүүдө. Райондук деңгээле мектеп окуучулары арасында кызыктуу дебаттар  уюштурулуп, алар менен студенттердин ортосунда өз ара алака байланыш түзүлүүдө.   Өткөн жылдын май айында элибиздин талантуу уулу Таалай Бектургановду эскерүү кечеси уюштурулуп,  буга районубуздун тургундары жана сиздер өзүңүздөр буга күбө болдуңуздар. Мындан сырткары борбор калаабыздагы жаштардын жайкы жана кышкы жаратылышка чыгып, эс алуу иш- чаралары ийгиликтүү өткөрүлүп келатат. Учурдан пайдаланып, жаштардын бүгүнкү жолугушуу кечесине  атайы келип  катышып,  биздин коомдук бирикмебиз менен студенттерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөткөн Чаткал райондук мамлекеттик админстрация башчысы-аким Канжарбек Жаныбековичке өзгөчө  ыраазычылык билдирип кетмекчибиз. Мектеп окуучуларынын экскурсия жасоодогу иштерине,  алардын тамактануусуна көмөктөшүп, ар дайым колдоп келе жаткан,  жердеш улуу агаларыбыз Биймырза Токтораливге,  Базарбай Мусабековга, Райимжан  Усупбековго, Атантай Акбаровго, Жайлообай Нышановго, Шайлыбай Дадабаевге,  Болот Алибековго,  Акматбек Таласбаевге, Роман Усупбековго,  Жээналы Орозбаевге, Абдыкайым Оморовго, Дүйшөн Стамбековго, Асылбек Орозовго, Субан Ашировго, Бактыбек Баймырзаевге, Абдыжапар Нурдиновго, Идирис Кубатбековго өзгөчө  ыраазычылык билдирип кетмекчибиз. – Кошумчалай кетсек, аталган жолугушуу белгилүү алып баруучу Чыңгыз Мырзаев, белгилүү эстрада жылдызы Дилшат Кангелдиевалардын катышуусунда өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь