Быйыл Чаткал районунда калктын колундагы малын асылдандыруу иштери колго алынуусу күтүлүүдө. Райондун Каныш-Кыя, Терек-Сай жана Сумсар айыл аймагында 3 даана малды жасалма уруктандыруучу аппарат бар. Жаз келээри менен бул аппараттардын жардамы менен малдарды жасалма уруктандыруу иштери колго алынмакчы.
Бүгүнкү күндө, райондук ветеринардык алдын алуу мекемесинин адистери тарабынан калкка малды асылдандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.
М. Эшназаров ]]>