Быйыл районубузда көрктөндүрүү-жашылдандыруунун үч айлыгынын алкагында бир топ иш чаралар камтылганы белгилүү болду. Булардын айрымдарын атай кетсек, мындан эки жыл мурда башталган ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери быйыл да улантылат. Быйылкы өзгөчөлүктү айта кетсек-башка ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү менен бирге эле, жаратылыштын катаал шарттарына чыдамдуу хайленд дарагынын көчөттөрүн алып келип отургузуу максат кылынууда.
Жакында, раймамадминистрацияда болуп өткөн жыйында бул тууралуу айткан район акими Канжарбек Эшалиев Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге хайленд дарагынын көчөттөрүн районго алып келип, көчө бойлоруна эктирүү боюнча сунушун айтты. Ал буга кошо эле, Жаңы-Базар айылындагы Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын алды жагындагы капталына ийне жалбырактуу көчөттөрдөн отургузуп, ал жерди токойлуу аянтчага айлантуу максат кылынып жаткандыгын билдирди жана мекеме, ишканалардын жетекчилерин жана айыл аймак башчыларын көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине тиешелүү тапшырмаларды берди.
М. Эшназаров ]]>