Жергиликтүү кабарлар

"Чаткал мырзасы-2016" кароо-сынагы болду

82

Кароо-сынакка Башкы-Терек, К. Акназаров, Кайың-Суу, С. Байдөөлөтов, А. Баймырзаев, С. Исмаилов, Т. Жаналиев жана К. Усупбеков орто мектептеринен келишкен 8 улан өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, күч сынашышты. чаткал мырзасы IMG_6010 чаткал мырзасы IMG_6015 чаткал мырзасы IMG_6017 чаткал мырзасы IMG_6023 чаткал мырзасы IMG_6035 чаткал мырзасы IMG_6043 чаткал мырзасы IMG_6067 чаткал мырзасы IMG_6083 чаткал мырзасы IMG_6095 чаткал мырзасы IMG_6127 чаткал мырзасы IMG_6149 чаткал мырзасы IMG_6157 чаткал мырзасы IMG_6173 чаткал мырзасы IMG_20160222_182226 чаткал мырзасы IMG_20160222_182314 чаткал мырзасы IMG_20160222_182319   Мында, саламдашуу, обондуу ырлардан аткаруу, Манас эпосунан үзүндү айтуу, бийлөө, гиря көтөрүү жана өз өнөрүн көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилип, айрымдары коштогон бийкеч түгөйлөрү менен биргеликте ар улуттун бийлерин бийлешсе, айрымдары сынган айнектин үстүнө жылаңач денеси менен жата калып, кээ бири кумдун үстүнө сүрөт тартып айтоор, зал толо күйөрмандарды да, калыстарды да таңгалдырып атышты. Айрым катышуучулар Манас эпосунан үзүндү айтуу учурунда берилип кетип, коштоочулары араң токтоткон учурлар болду. Ал эми, гиря көтөрүү боюнча Рахманбай уулу Арген эч кимди алдына салдырган жок. Катышуучулардын арасынан Т. Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундуз, Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Арген,  С. Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайрат өзгөчөлөндү. Кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстардын калыс чечими менен 1-орун Т. Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундузга берилип, «Чаткал мырзасы-2016» ардактуу наамы кошо ыйгарылды. Ал эми, 2-орун А. Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Аргенге, 3-орун   С. Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайратка тапшырылды. Мындан сырткары, бир топ катышуучулар өз өнөрлөрүнө жараша ар кандай номинациялар менен сыйланышты. Соңунда, кароо-сынактын уюштуруучусу болгон райондук жаштар кеңешинин төрагасы Айбек Бекмуратов кароо-сынакка демөөрчүлүк кылган раймамадминистрацияга жана Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдирди. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь