-Окуучулар 5 күн ысык тамак менен камсыздалган. Дүйшөмбү күнү окуучуларга сүттөн жасалган ботко ал эми, калган күндөрү ысык тамак берилет. Шашке тамагы үчүн МЕРСИКО уюму тарабынан атайы эсептелинип, жетишээрлик өлчөмдө күрүч, өсүмдүк майы, ун жана буурчак берилген. Мамлекет тарабынан шашке тамагы үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен эт, картошка, сабиз, пияз, жумуртка сыяктуу азык-тулүккө кошумча керектөөлөрдү сатып алабыз. Мектеп ашпозу Бекмуратова Гүлбайра МЕРСИКО тарабынан ашпоздук окуусунан өтүп, атайы сертификатка ээ.-дейт мектеп директору Айнура Өскөнбаева.
М. Эшназаров]]>