Маданият

Аскердик патриоттуулук-ыйык милдет

166

ДКIMG_5857 ДК IMG_5858 ДК IMG_5862 ДК IMG_5872 ДК IMG_5874 ДК IMG_5878ДК IMG_5889  ДК IMG_5897 ДК IMG_5867 ДК IMG_5868 ДК IMG_5880 Ча Иш чаранын башында чакырылган коноктор катышуучуларды 23-февраль-Мекенди коргоо күнү менен куттукташып, жаштарды патриоттуулукка чакырган сөздөрдү сүйлөштү. Ал эми, ооган согушунун ардагери Нурбек Нышанов Ооган согуш учурундагы башынан өткөн оор жана азаптуу күндөрдөн айтып берип, жаштарды аскер кызматын өтөөдөн качпоого, Мекенди сүйүп, аны көздүн карегиндей сактоого үндөдү. Райондук аскер комиссары Эрнисбек Самаков учурдагы мамлекетибиздеги аскерге чакыруунун жол-жоболору жана Кыргыз Армиясынын учурдагы абалы тууралуу айтып берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият үйүнүн жана райондук борборлоштурулган китепканалык тармактын кызматкерлери жана мектеп окуучулары патриоттуулук духтагы обондуу ыр, бийлерден аткарышып, макалдарды айтышып, “Ооган ыйы” аттуу чыгармадан сахналаштырылган көрүнүш тартуулашты.  М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь