Буга кошо эле, түрткү берүүчү гранттын эсебинен айылга быйыл заманбап балдар бакчасынын имараты курулуп баштамакчы. –Балдар бакчасына түрткү берүүчү гранттан 1,5 млн. сом каралган. Балдар бакчасынын курулуш иштерин жүргүзүүнү тендерден утуп алган Айти-Булак курулуш ишканасы алып бармакчы.
Жакынкы күндөрдө борбор калаага барып, тиешелүү мекемелерге кирип, балдар бакчасынын курулуш иштерине тиешелүү айры маселелерди чечип келүүнү максат кылып жатам. Бул иштердин жузөгө ашуусуна туздөн түз аракеттерди көрүп келаткан район акими Канжарбек Эшалиевге ыраазылык билдиремин-дейт айыл башчы Э. Кошокбаев.
Кошумчалай кетчү нерсе, аталган айылга барчу негизги унаа жолундагы эки көпүрө да былтыр оңдоп, түзөөдөн өткөрүлгөн.
М. Эшназаров ]]>