Февраль айынын он тогузунда Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында айыл тургундары катышкан ысырапкорчулукка каршы жана айылдын ички тартибин жөнгө салууга арналган айылдык жыйын болду.
Жыйында айыл башчысы Эгенберди Кошокбаев жана айыл депутаттары жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча сөз сүйлөшүп, айыл турмушунда болуп келе жаткан айрым ыңгайсыз көрүнүштөрдү мисал келтиришип, айыл калкын ыксыз ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырышты.
Мындан сырткары, айыл башчы Э. Кошокбаев айыл калкын ынтымакка чакырып, айыл тургундарынын ички тартибине тиешелүү маселелерди айтып, айыл жаштарын түнкүсүн эч себепсиз көчөдө басып жүрбөшүн жана айылдагы жеке менчик дүкөндөр түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатпоосун талап кылып, эгер айтылган талаптар орундалбай турган болсо, тиешелүү жактарга чейин кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүгө бараарын эскертти.
Жыйындын жүрүшүндө, айылдагы аялдар кеңешинин курамы кайрадан бекитилип, аялдар кеңешинин төрайымдыгына Көчкөнбаева Жамила бир добуштан шайланды.
М. Эшназаров ]]>