Коом

Элдик жыйындар өткөрүлдү

40

элдик жыйынIMG_5770 элдик жыйынIMG_5763 элдик жыйынIMG_5762 элдик жыйынIMG_5752 элдик жыйынIMG_5749 элдик жыйынIMG_5739 Өтүп бараткан жумада райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу райондун Коргон-Сай, Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарында элдик жыйындарды өткөрдү. Элдик жыйындарда негизинен, жазгы талаа жумуштарына карата үрөндөрдүн жетишпестиги, электр энергиясы, соцобъекттер, унаа жолдорунун абалы, фирмалардагы жергиликтүү тургундарды жумушка кабыл алуу жана социалдык төлөмдөргө тиешелүү маселелер калк тарабынан айтылып, тиешелүү жетекчилер жоопторду беришти. Мында, айыл тургундары райондук ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын ишине нааразылыктар айтылды. Элдик жыйындардын жүрүшүндө, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө салым кошкон инсандарга ыраазылык каттарын тапшырды. Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев быйыл райондун социалдык-экономикалык иш пландарына көптөгөн иш чаралар киргендигин, быйылкы жылга карата кен тармагынан  районго чоң суммадагы каражаттар түшүп жаткандыгын белгилеп, район калкы ынтымакта иш алып барса, алдыда көп иш бүтөөрүн айтты. М. Эшназаров ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь