Февраль айынын 17 синде айылдык кеңештердин кошмо жыйыны болду.
Кошмо жыйында бир нече маселелер каралып, анын негизгилеринин бири бул-райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев отчету угулду.
Алгач, өткөн жыл ичинде район аймагында аткарылган иштер тууралуу слайд шоу көрсөтүлүп, андан соң, кошмо жыйындын күн тартибине ылайык, район акими Канжарбек Эшалиев айылдык депутаттарга өткөн 2015-жыл ичинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берди.
Отчетто белгиленгендей, район аймагында бир нече соцобъекттер ишке берилип, унаа жолдору асфальтталып, социалдык жана маданий иш чаралар жузөгө ашырылган. Алардын катарына мектеп, бала бакчалары, көчө жарыктандыруулары, айылдарга таза суунун жеткирилиши ж.б. жумуштар. Булардын баары калктын колдоосу жана сунуштары менен ишке ашырылды.
Район акими Канжарбек Эшалиев отчет берген соң, отчетто айтылган айрым маселелер боюнча депутаттардын берген суроолоруна жооп берди.
Андан соң, райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жыл үчүн социалдык-экономикалык иш планы менен тааныштырылып, кошмо жыйындын депутаттары тарабынан кабыл алынды.
Жыйын соңунда, район акиминин отчету бир добуштан канааттандыраарлык деп табылды.
Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев депутаттарга ыраазылык билдирүү менен, ынтымакта иштешип турса, алдыда район үчүн бир топ иштер аткарылаарын айтты.
М. Эшназаров ]]>