Кабар

Чаткал райондук ЖДПБнын директору С. Таиров-Эмдөө иштерине айыл башчылары да көмөктөшүүлөрү зарыл болууда

21

ГКЧП 2016 IMG_5640 -Жер-жерлердеги айыл башчылары калкты эмдөөдөн өткөрүү ишине ФАПтардагы фелдьшерлерге жардам берсе жакшы болмок-деди Чаткал райондук ЖДПБнын директору С. Таиров жакында раймамадминистрацияда болуп өткөн жыйында. Анын айтымында, азыркы кезде ФАПтардагы фельдшерлер жалгыз болуп, калкты эмдөөдөн өткөрүүгө жетишпей кыйынчылык тартып жатат себеби, эмдөөгө көпчүлүк ата-энелер өздөрү келишпейт. Аларды чакырып келүүгө же, үйүнө барып эмдөө жүргүзүүгө туура келет. Айрым учурларда ар кайсы себептерден улам, эмдөөдөн баш тарткан учурлар да болушу мүмкүн. Мындай учурда айыл башчылары фельдшерлерге жардам берсе жакшы болмок. Буга кошо эле С. Таиров азыркы учурда медициналык мекемелерден калкты кыдырып эмдөө милдети эчак алынып салынгандыгын, антсе да медкызматкерлер элди кыдырып, эмдөө жүргүзүп келатышкандыгын кошумчалады. М. Эшназаров ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь