Каныш-Кыя айылынын тургуну Түкүшов Уланбек Чаткалдын кычыраган кыш чилдесине карабастан жумуртка өндүрүп, өрөөн элин
экологиялык жактан таза продукция менен камсыздап келүүдө. Ал өткөн жылдын август айында райондук Айыл Кеңеш кызматы (АКК) аркылуу жумуртка багытындагы тооктун 192 даана жөжөсүн Ош шаарынан апкелген. Жөжөлөрдү талаптагыдай багып чоңойтуп, минтип эки айдан ашуун убакыттан бери күнүнө жүз элүү даанадан жумуртка өндүрүп, өз чарбасын оң жолго коюп алды.
-Жумурткаларды Каныш-Кыя айылындагы жеке менчик дүкөндөргө өткөрөм. Алар менен келишим түзүп алганбыз. Продукциябыз токтобой, күн сайын өтүп турат. Айылда таза жумурткага болгон талап жогору-дейт чакан тоок ферманын ээси Уланбек Түкүшов.
Эми, ал алдына тоок фермасынын имаратын оңдоп, жаңыдан салуу планын коюп олтурат. Бул жаатта жергиликтүү бийлик же, айыл аймагы тарабынан колдоо болсо жакшы болоор эле дейт У. Түкүшов биз менен ой бөлүшүп. Чындыгында, жегенибиздин баары жасалма анан, ден-соолукка зыян болуп бараткан ушул тапта У. Түкүшов сыяктуу таза азык-түлүк продукциясын өндүргөн ишкерлерибизди колдоп алсак жакшы болоор эле.
М. Эшназаров]]>