Жергиликтүү кабарлар

Тарых жана маданият жылына карата

28

IMG_4637 Өтүп бараткан жуманын шейшембисинде Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде, аталган мектепте өтүп жаткан он күндүк тарых декадасынын алкагында КР. Президенти тарабынан жарыяланган “2016-жыл-Тарых жана Маданият жылына” карата “Ата-бабаңдын тарыхын билип, урпактарга даңктай жүр” аттуу темада кече болду. Кечеде мектептин 8а- жана 8б-класстарынын окуучулары “Алымбек датка” жана “Тайлак баатыр” деп аталып, эки топко бөлүнүшүп, кыргыз элинин, анын ичинде кичи мекени болгон Чаткал жеринин тарыхы боюнча суроолорго жооп беришип, тарыхый окуяларга байланыштуу сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышып, өз ара күч сынашты. Кечеде окуучуларга мамлекетибизде быйыл белгиленчү “Жусуп Баласагынга 1000 жыл”, “Кыргыз Республикасына 25 жыл”, “Кыргыз АССРине 90 жыл”, “Кыргыз ССРине 80 жыл”, “Тайлак баатырга 220 жыл” жана “Алымбек даткага 215 жыл” аттуу мамлекеттик иш чараларга байланыштуу суроолор берилип, алардын тарых жаатындагы билим деңгээли сыналды. Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарыхый чыгармалардан сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткаруу менен бирге эле, кыргыздын улуттук оюндарын жана бийлерин да көрүүчүлөргө тартуулашты. Кеченин соңунда, эң көп упай топтогон “Тайлак баатыр” тобу жеңишке ээ болду. Мектеп директору Ш. Айымбетов өтүп бараткан окуу жылында мындай кеңири алкактагы окуу-тарбиялык иш чаралар дагы көп өтөөрүн билдирди. М. Эшназаров   ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь