Ырас, мамлекетибиз жеке менчик сатуучулукка уруксат берип, анын аркасы менен көпчүлүк жарандарыбыз жан багууда. Сатуучулук менен астейдил шугулданган жарандар дүкөндөрдү ачышып, элдин да, өздөрүнүн да күнүмдүк муктаждыктарын канааттандырып келатат.
Мында, менин айтайын дегеним, сатуучулук менен алектенип, дүкөн кармаган жарандарыбыз майда деп маани бербей бирок, кийинчерээк чоң көйгөйгө айланчу маселелерди эске албай келаткандыгы тынчсыздандырат. Булардын бири-кыш мезгили дээрлик алты айга созулган Чаткалда жашап туруп, көпчүлүк дүкөнчүлөр дүкөндөрүнүн жылуулук маселесине көп көңүл бурбай келишүүдө. Сатуучуларыбыздын дээрлик көпчүлүгүн аялзаты түзгөндүктөн, бул нерсе биринчиден алардын ден-соолугуна зыянын тийгизүүдө. Сатуучулук менен алектенген эне, эже, карындаштарыбыздын ден-соолугу өздөрүнө эле эмес, баарыбызга керек. Аял бул-эне, аял бул-улуттун келечеги. Дени сак аялдан дени сак бала төрөлөт. Дени сак бала коомубуздун келечеги экенин унутпайлы.
Экинчинчиден, ичи суук дүкөндөргө анчалык деле кардарлар кире беришпейт, муну да моюнга алуубуз керек. Үчүнчүдөн, дүкөндүн ичи суук болгон соң, андагы азык-түлүктөрдүн сапаты да төмөндөп, кардардын ден-соолугуна да, сатуучунун чөнтөгүнө да зыянын тийгизээри айдан ачык.
Ошондуктан, жогорудагы маселелерди чечүү үчүн айрым дүкөнчүлөр дүкөндөрүнө жылуулук жабдууларын орнотушса деген сунуш.
М. Эшназаров ]]>