Жалпы

Мектепте зордук-зомбулукка жол жок

237

IMG_4637              Мына ушундай аталышта С. Байдөөлөтов орто мектебинде тегерек стол болуп өттү.  Тегерек столго   райондогу билим берүү башчысынын орун басары Р.Мамурбеков, раймамадминистрациянын,  ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ошондой эле, мектеп жааматы катышты. Алгач мектеп окуучулары тарабынан зордук-зомбулукту чагылдырган сахналаштырылган чакан   көрүнүш тартууланып, коноктор ага карата өз ойлорун ортого салышып, окуучулар арасында өткөн жылдагыдай терс көрүнүштөр болбошу үчүн, алдын алуу иш чаралары көрүлүшү керектиги тууралуу айтышты. Кошумчалай кетсек, райондогу мектептерде Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан  купуя кат куржуну  жайгаштырылган.  Эгерде мектепте кандайдыр бир  терс окуяны байкай алган болсо мектеп жааматы же окуучулар купуя кат куржунуна кат түрүндө калтырса болот. Бүгүнкү күндө, ата-энелердин турмуш шартка байланыштуу  чет өлкөлөргө иштеп  балдарын тууган урукка же болбосо жакын адамдарга таштап кеткендиги зордук зомбулуктун  көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө десе болот. Ошондой эле мектеп жамаатынын кайдигер мамилесинен улам  улуулар кичүүлөргө зомбулук көрсөткөн  окуялар катталган. Тегерек столдун соңунда окуучулар  мектеп окуучуларын достукка чакырган ураан менен  жыйынды жыйынтыкташты. Т. Алмарсбек кызы]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь