Кабар

Колдо жасалган тамак-аштарды сатыкка чыгарууга тыюу салуу талабы коюлду

42

IMG_5575 Ботулизм (тамак-аштан уулануу) оорусу быйыл айрыкча көйгөй жаратып жаткандыгы чындык. Бул оорунун айынан тактап айтканда, 2016-жылдын 6-январында Тогуз-Торо районунан 4 адам ботулизм оорусуна шектелип, бейтапканага жаткырылып, 4 оорулуудан 2 өөсү каза болушкан. Бул оорулуулар үйдө жасалган салат жешип, ууланууга чалдыгышкан.колдо жасалган азыктарIMG_5570 Чаткал районунда да ушул сыяктуу көйгөйдү болтурбоо максатында жакында раймамадминистрацияда болуп өткөн чукул жыйында бир нече талаптар коюлду. Алардын негизгилеринин бири-жеке менчик дүкөндөрдө колдо жасалган самса, пирожки, салат жана ар түрдүү татымалдарды сатууга тыюу салуу талабы. Мунун себеби жогоруда айтылгандай, буга чейин ууланып каза болгон жарандардын өлүмүнө дал ушул колдо жасалган азыктар себеп болгондугу аныкталган.IMG_5577 Ушуга байланыштуу чукул жыйындын алдынан райондук санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан райондогу жеке менчик дүкөндөрдү текшерүү учурунда жеке менчик дүкөндөрдө колго жасалган самса, пирожки, салат өңдүү азыктар эч кандай сертификаты, уруксаты, качан ким тарабынан жасалгандыгы тууралуу маалымкаты жок сатылып жаткандыгы ачыкка чыккан. Ушундай мыйзамсыз көрүнүштөрдөн улам, аталган чукул жыйында жогорудагыдай талаптар коюлду. тыюу салынган азыктарIMG_5584 Тактай кетсек, ботулизм оорусу өтө аз катталганы менен, буга чалдыккандар 60-70% өлүмгө дуушар болушу менен кооптуу. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь